Бишкекте 19-23-ноябрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда бокс боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. 19-ноябрда саат 12:00дө чемпионат расмий башталды.
Беш күн аралыгында өлкөнүн бардык аймактарынан келген спортчулар 48, 51, 54, 57, 60, 63.5, 67, 71, 75, 80, 86, 92, +92 кг салмак категорияларында күч сынашат. Мелдештин алкагында Тайландда өтүүчү Азия чемпионатына спортчулар тандалат.
31-октябрда Кыргызстандын бокс федерациясы World Boxing уюмуна расмий түрдө кошулганы белгилүү болгон. Уюм 2023-жылы апрелде түзүлүп, башка өлкөлөрдү кошууга умтулууда. Бирикме Олимпиададагы бокс мелдештерин өткөрүүгө аракеттенип жатат.
World Boxing уюму АКШнын Колорадо штатында 19 жашка чейинки спортчулар арасында дүйнө чемпионатын - өзү уюштурган алгачкы эл аралык мелдешти өткөрүп, ага Кыргызстандан беш мушкер катышып келген. (TSh)