Алгач терминдерди айырмалап алуу керек. Аны менен бюджеттин масштабы ар башка сезилет. Өкмөт бюджет дегенде жергиликтүү, республикалык, мамлекеттик жана консолидацияланган бюджеттерди айтат.
- Жергиликтүү бюджет – айыл өкмөттөрү менен шаарлардын бюджеттери. Мисалы, Бишкек шаарынын бюджети жергиликтүү бюджетке кирет. Аны жергиликтүү кеңеш бекитет.
- Республикалык бюджет – өлкөнүн негизги бюджети. Салыктардын дээрлик баары, бажы төлөмдөрү республикалык бюджетке түшөт. Мурунку жылдары Кыргызстандын бюджети дегенде республикалык бюджет айтылып келген. Бүгүнкү күндө да өлкөнүн эсеп-кысабын эсептөөдөгү негизги документ - республикалык бюджет. Аны өкмөт түзүп, Жогорку Кеңеш бекитет.
- Мамлекеттик бюджет – жергиликтүү бюджет жана республикалык бюджет. 2023-жылы жергиликтүү бюджеттер 34 млрд сом, республикалык бюджет 358 млрд сом чогултту. Ошондо мамлекеттик бюджет 392 млрд сомду түздү. Бул көбүнчө отчёттор үчүн колдонулуучу термин.
- Консолидацияланган бюджет – жергиликтүү + республикалык + Социалдык фонддун + Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджеттери. Өкмөт акыркы жылдары өлкө бюджети дегенде республикалык эмес, консолидацияланган бюджетти түшүнүүгө көндүргүсү келүүдө. Анын өз артыкчылыктары бар. Мамлекеттик сектордогу каржы агымдарын толук көрсөтөт. 2025-жылы республикалык бюджет 428 млрд сом, ал эми консолидацияланган бюджет 700 млрд сомго жетет деп пландалды. Эки башка сезилген суммалар ушундай.
“Илгеркидей салык төлөбөй, жыргап жүрө бере турган заман жок”
Консолидацияланган бюджет кийинки жылдары да жогорку темп менен өсөрү күтүлүп жатат.
"Каржы министрлиги 2028-жылга чейин кирешени 1 триллион сомго жеткирүүнү убада кылды", - деди Акылбек Жапаров.
Өкмөт өзү түшүндүргөндөй, өсүштүн негизги себеби – көмүскө экономиканын азайышы. Салыктык процесстерди санариптештирүү жана автоматташтыруу жашыруун экономиканын үлүшүн 23 пайыздан 20 пайызга чейин түшүрүп, кирешелердин кескин өсүшүнө алып келди.
Жөнөкөй тил менен айтканда, салыкты төлөбөй коюу кыйын болуп калды. Салык кызматы билдиргендей, санариптик куралдар көзөмөлдү жакшыртууга шарт түздү. Натыйжада, акыркы үч жылда салыктык жыйымдар жыл сайын 30-50 млрд сомго көбөйүп жатат.
Бирок бул убактылуу натыйжа эмеспи? Санариптештирүү аягына чыкканда, өсүш кандай болот?
“Орто мөөнөттүк перспективада салыктык жыйымдардын өсүшү экономиканын өсүшүнө жараша болот”, - деп өкмөт 2025-жылдын бюджет долбоорунда жооп берген.
14-ноябрда Акылбек Жапаров Жогорку Кеңешке барган. Анда депутаттар салыктык реформаларды өкмөттүн негизги жетишкендиги катары сыпаттап жатышты. Аны менен бирге жеке менчик укугу сакталбай, айрым талаптар ишкерлерге түйшүк болуп жатканы да айтылды.
“Мисалы, ЭТТН деген бар эмеспи. Ошол өтө чоң маселеге айланып бара жатат. Ушунун так максаты эмне? Кичи жана орто бизнес анын айынан кыйналып жаткан жокпу?” - деп депутат Мирлан Самыйкожо Акылбек Жапаровго суроо узатты.
“ЭТТНдин так максаты – товардын жүгүртүү көлөмүн көрүү, контрабанданы жокко чыгаруу. Кыйналгандары да бар, үйрөнүп кеткендери да бар. Эми бир жылдын ичинде дагы көнүгүшөт. 15 млн сомго чейин салык төлөбөйт, бирок товар каяктан келгенин айтыш керек да. Уурдап алдыбы же кимден алды? Товарды кимден алганын биз билишибиз керек да [...] Ыңгайлаштырып, жөнөкөйлөтөбүз. Биз деле биринчи жолу киргизип, өзүбүз дагы жакшы түшүнбөй, элди дагы кыйнадык. Бирок эми кичине чыдаса, баары ордуна келе жатат. Илгеркидей салык төлөбөй, жыргай турган заман жок азыр”, - деди өз жообунда минкаб башчысы.
Депутат Акылбек Түмөнбаев салыктан качуу оорлошконунун дагы бир себебин атады:
“Бүгүнкү күндө салыктарды өздөрү төлөп жатышат. УКМКнын жетекчиси Камчыбек Кыдыршаевичтен коркконунан келип төлөп атышат”, - деди эл өкүлү тамаша-чын аралаштырып.
Киреше булактары көбөйдү
Салык чогултуу менен бирге анын булактары да көбөйдү. Акыркы жылдары бир топ жеңилдиктер жокко чыгарылып, айрым салыктардын чендери өсүп, жаңы төлөмдөр кошулду.
Эң чоң өзгөрүүлөрдүн бири – соодада патенттер жоюлуп, салык төлөнө баштады. Буга чейин ишкерлер патент алып, канча акча айлантып жүргөнү белгисиз болуп келген. Эми алар соодасынын көлөмүнө жараша салык төлөй баштады.
Салык кызматы 1990-жылдары киргизилген бул режим чакан жана орто бизнести түптөөдө чоң роль ойногонун, бирок убакыттын өтүшү менен актуалдуулугун жоготконун маалымдады:
“Патент системасы, алгачкы ийгиликтерге карабастан, бир катар терс кесепеттерге алып келди. Алардын арасында салык милдеттенмелерин бирдей эмес бөлүштүрүү, ачык-айкындуулуктун жетишсиздиги жана көмүскө экономиканын өсүшү болду. Заманбап экономикада бул механизм бизнес үчүн жана натыйжалуу салыктык башкарууга тоскоол болду”, - деп мекеменин басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.
Патенттерди жоюу көп жылдардан бери чыңалууга алып келчү талуу маселе катары каралып келген. 2023-жылы өлкө боюнча нааразылык акциялары чыгып, президент Садыр Жапаров мамлекет базарларды алып коё аларын эскерткен.
“Эгер ушинтип улам-улам үндөп митинг кыла беришсе, алардын маселесин беш секундда чечебиз. Базарларга өкмөттүн атынан “Кумтөргө” тышкы башкаруу киргизгендей, тышкы башкаруу киргизебиз”, - деген өлкө башчы. Ал эми УКМК башчысы Камчыбек Ташиев “айрым чагымчыл күчтөр” соодагерлер аркылуу коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу аракетин көргөнүн айтып, митингдердин уюштуруучуларын аныктоону тапшырган.
Салык системасындагы ири реформалардын бири катары камсыздандыруу төлөмдөрүнүн эки эсе азайышын атаса болот. Июлдан тарта жумуш берүүчүлөр Соцфондго 17,25% ордуна 2,25% төлөй башташты. Ал эми кызматкерлер мурункудай эле 10% төлөп жатышат. Мындай кадам төлөмдөрдү азайтары күтүлгөн, бирок ишканалар ачыкка чыгып, жыйымдар мурункудан да көп түшө баштады.
Өкмөт акыркы жылдары эч кандай жаңы салыктар киргизилбегенин айтууда. Деген менен күйүүчү-майлоочу майларга маркирлөө, таттуу суусундуктарга акциз кошулду. Электрондук кызматтарга салык салынды. Андан тышкары, дары-дармектер үчүн кошумча нарк салыгы, “Google салыгы”, кен компанияларына киреше салыгы өңдүү төлөмдөр киргизилди. Эми курулуш компанияларына үй сатууда кошумча нарк салыгын, бензин жана дизелдик майдын ар бир литрине 1 сомдон акы кошуу каралып жатат. Мунун баары бюджетке кошумча миллиарддаган киреше алып келүүдө.
Бюджетке расмий кирбеген, бирок чоң киреше алып келген дагы бир булак - коррупция менен күрөшүү. Камчыбек Ташиев 2020-2024-жылдар аралыгында уюшкан кылмыштуу топтордон, таза эмес олигархтардан мамлекетке акчалай жана мүлк түрүндө 120-125 млрд сом өндүрүлгөнүн билдирди.
Мурунку бажычы Райымбек Матраимов жалгыз өзү 200 млн долар төлөп чыкканы айтылган.
"Бул 2 млн же 20 млн доллар эмес. Араңарда бизнес кылган депутаттар бул канча көп акча экенин жакшы билишет. Бул - 17 млрд сом. Матраимов буга чейин 2,5 млрд сомду бюджетке төккөн. Ошондо жалпы 19,5 млрд сом төлөдү. Албетте, баары накталай эмес, мүлк менен да алынды", - деген 14-ноябрда УКМК башчысы.
Кумтөрдөн жана мамлекеттик компаниялардан кандай киреше түшүп жатат?
Учурдагы бийлик сыймыктанган эң чоң жетишкендиктердин бири - Кумтөр алтын кенинин улутташтырылышы. Бирок ал мамлекетке өткөндөн тарта эмнеге алтын аз казылып жатат, андан канча пайда түшүп жатат деген суроолор күчөдү.
Кыргызстандагы эң ири кенде “Центерранын” алдында жылына 15-17 тонна алтын казылып келсе, 2023-жылы 13,5 тонна өндүрүлгөн. Өкмөт 2024-жылдын жыйынтыгы менен 12,5 тонна, ал эми 2025-жылы 12 тонна күтүп жатат.
“Кедей руда деп коёбуз, ошого байланыштуу. Анан 2026-жылдан баштап калдыктарды иштете баштайбыз жана жер алдынан казганга өтөбүз. Ошондон тартып алтынды алуу кайра көтөрүлө баштайт. 2027-30-жылдарга чейин жылына 20-25 тоннага чыгабыз”, - деди Акылбек Жапаров.
Өкмөт башчынын айтымында, Кумтөр мамлекетке өткөндөн тарта 1 млрд доллардан ашык киреше алып келди.
“27 жылда 400 тонна алтын өндүрүп, бирок Кумтөрдөн болгону 100 млн доллар дивиденд алсак, 2,5 жылда 38 тонна алтын өндүрүп, 291 млн доллар дивиденд алдык. Ал эми салыктык жана башка төлөмдөрдөн бюджетке 990 млн доллар түштү”, – деди Жапаров.
Кирешени көбөйтүүнүн дагы бир амалы катары Улуттук банк өз пайдасын толугу менен, 100% бюджетке которо баштады. 2022-жылга чейин ал 70% гана которуп келчү. Быйыл жыл жыйынтыгы менен Улуттук банктан 12 млрд сомдон ашуун каражат түшөт деп пландалган.
Ал эми мамлекеттик ишканалардын кирешеси боюнча Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев мындай деди:
“2020-жылы мамлекеттик ишканалардан түшкөн дивиденддердин баары 2,4 млрд сом болгон. 2024-жылы 30 миллиарддан ашты. Баарын тизмектеп бер дей турган болсоңуздар, аны эки мүнөттө тизмектеп бере албайт. Бир саатта дагы айтып бүтө албайт”.
Элге көбүрөөк салык жүктөлүп жатабы?
Ишкерлер реформалар салык түйшүгүн көбөйтүп жатканын айтышууда. Маселен, арзан патентке көнгөн соодагерлер эми бир топ көбүрөөк салык төлөөгө мажбур. Тоо-кен ишканалары көргөн пайдасынан эмес, саткан суммасынан салык төлөй башташты. Электрондук эсеп-фактура, электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздары жана ККМ өңдүү жаңы системалар ишкерлердин каршылыгына кабылды.
Жакынкы жылдары жаңы төлөмдөр киргизилип, айрым салыктардын чендери өсүп, жеңилдиктердин азайышы күтүлүп жатат. Мисалы, депутат Дастан Бекешевдин айтымында, кыймылсыз мүлк салыгын көбөйтүү каралууда. Учурда алыскы аймактарда үйү 350 чарчы метрден ашкандар гана салык төлөсө, кийинки жылы бул аянт бир топ кыскарып, үйү кичирээк жарандарды да салык төлөтүү пландалып жатат.
Өкмөт өз кезегинде Кыргызстандын салык салуу системасы көп өлкөлөргө салыштырмалуу жөнөкөйлүгү, ачыктыгы жана төмөн ставкалары менен айырмаланганын айтууда. Ишкерлерди колдоо үчүн кирешеси 15 млн сомго жетпегендер салыктан бошотулду. Жумуш берүүчүлөрдүн соцтөлөмдөрү эки эсе азайды. Акылбек Жапаровдун айтымында, системалардын интеграцияланышы ишкерлерге кредит алууну да жеңилдетти.
Салык кызматы акыркы жылдагы өзгөрүүлөр адилеттүү жана натыйжалуу системаны түзүүгө багытталганына басым жасап жатат. Мекеменин пикиринде, бул өзгөрүүлөр жагымдуу экономикалык чөйрөнү түзүүгө жана салык төлөөчүлөрдүн ишенимин арттырууга жардам берет.