Газада Израилдин соккусунан дагы кеминде 18 киши каза тапты

Бейт-Лахия.

Газада Израилдин 18-ноябрдагы чабуулунан кеминде 18 палестин каза болгонун, алардын экөө качкындар лагеринде жашаган балдар экенин, сокку абадан жана согуштук дрондор менен жасалганын Reuters агенттиги маалымдады.

Сектордун түндүгүндөгү Бейт-Лахия шаарында жекшемби күнү израилдик аскерлер көп кабаттуу үйлөрдүн бирине ракета таштаганда ондогон өмүр кыйылганы кабарланган.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) бул шаардагы чабуулун тастыктап, бутага террорчулар алынганын билдирди.

Аталган аймакта ХАМАСтын (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) жоочуларына каршы күрөшүп жатканын айткан Израил Бейт-Лахияга жана сектордогу сегиз качкындар лагеринин эң ириси болгон Жабалияга танктарын жана жөө аскерлерин өткөн айдын башында топтой баштаган.

Шаардын ооруканасынын директору Хусам Абу Сафия мекеме израилдик аскерлердин курчоосунда турганын айтып, дарыгерлер Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму бейтаптарга деп жөнөткөн дары-дармекти жана азык-түлүктү ала албай жатышканын айтууда.

Былтыр октябрда бир күндө миңден ашуун кишиси өлтүрүлгөн, дагы жүздөгөн кишисин барымтага алып кетишкен окуядан кийин Израил палестиндер жашаган Газа секторунда ХАМАС тобуна каршы согуш жарыялаган. Согушту токтотуу аракеттери майнап бере элек. ХАМАС көзөмөлдөгөн Газанын бийлиги ошондон бери анклавда 44 миңге чукулдадаганын билдирүүдө. (RK)

Дагы караңыз

Грузин оппозициясы митинг жаңы форматта уланып жатканын билдирдиЖурналист Карымшаков Бабанов ага каршы доо арызын кайтарып алганын билдирдиКазакстанда бир күндө истен жана өрттөн жети баланын өмүрү кыйылды"Көп ырлары сакталбай калды". Обончу Калмурат Рыскуловду эскерүү Шайлоо: Бишкекте "Жаңы күч", Ошто "Жаңы Кыргызстан" алдыда