Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш берүү саат 8.00дө башталды, кечки саат 20.00дө жыйынтыкталат.
БШКнын маалыматына караганда, республика боюнча жалпысынан 2 миң 437 добушкана ачылды.
Шайлоо 33 шаарда, анын ичинде Бишкек, Ош шаарларында жана 231 айылдык кеңештерде өтүүдө. Жалпы 33 шаардык кеңештеги миңдей мандат үчүн 5 миңдей талапкер ат салышууда. 231 айылдык кеңештеги 5 миңден ашуун мандат үчүн 10 миңдей жаран жарышка түштү.
Бул шайлоодо Кыргызстанда биринчи жолу аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулат.
Президент Садыр Жапаров “Жергиликтүү кеңештерди таратуу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө” жарлыкка 6-сентябрда кол койгон.
Дагы караңыз
Жергиликтүү шайлоо: 15 миңдей талапкер, 45 партия жарышка түштү Казакстанда Biz Birgemiz фондунун жетекчиси Перизат Кайрат камалдыДин комиссиясы: сурамжылоого катышкандардын 80% ашыгы диний кырдаалды оң баалайт