Казакстанда Biz Birgemiz фондунун жетекчиси Перизат Кайрат камалды

Перизат Кайрат.

Казакстанда кайрымдуулук менен алектенген Biz Birgemiz коомдук фондунун жетекчиси Перизат Кайрат камакка алынды. Ага алгач ушул жылы жазында селден жапа чеккен жарандарга жардам иретинде чогултулган 1,5 миллиард тенгеден ашык акчаны (үч миллиондой доллар) кымырып алган деген айып тагылган. Көп өтпөй Палестина эли үчүн чогулган дагы 200 миллион тенгеге (400 миң доллар) байланыштуу дагы айып тагылганы белгилүү болду.

Финансылык мониторинг агенттигинин маалыматына ылайык, Перизат Кайрат коомчулуктан чогулган акчага Астанадан кымбат батирлерди, люкс машиналарды жана кымбат баалуу буюм-тайымдарды сатып алган. Ошондой эле тынбай саякаттап, кымбат мейманканаларда токтоп жүргөн.

Перизат Кайраттын жакындары жана жактоочусу, ошондой эле Biz Birgemiz фонду окуя тууралуу комментарий бере элек.

Аталган фонд 2021-жылы июнда ыктыярчылардын бүткүл улуттук кыймылы катары түзүлгөн жана катарында 15 миңден ашык ыктыярчы бар экени айтылган.

Аталган фонддун атынан ушул жылы жайында Кыргызстандын туштүгүнө селден жабыркаган жарандарга жардам келгени кабарланган.

Казакстандын батыш жана түндүк аймактарында ушул жылы жазында дээрлик бир ай бою сел жүргөн. Жалпысынан он чакты облуста өзгөчө кырдаал жарыяланып, кырсыкта 120 миңдей киши үйүн, короо жайын суу алып, эвакуация болгон. Селдин айынан кеминде жети киши каза тапканы расмий айтылган.

Селге каршы чаралар убагында көрүлбөгөнүн айтып бийликке нааразылыгын билдирип чыккандарга айып пул салынган. Коомчулукта жабыркаган элге жардам чогулткан учурлар болгон.

Дагы караңыз

Жапониянын тышкы иштер министри Украинага күтүүсүз келди Абхазия: митингге чыккандар парламенттин имаратына кирип барды Украинадагы согушта мерт болгон 78 миңдей орусиялыктын тек-жайы такталдыТрамп Ак үйдүн басма сөз катчысы кызматына Кэролин Ливитти тандадыСултанбековдун атасы уулунун коопсуздугуна бийлик жооптуу экенин айтты Балыкчы-Кочкор жолу бир ай бою күндүз жумасына үч ирет жабылат