Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандарды чет өлкөлүк номурлуу унааларды сатып алууда сак болууга чакырды. Мекеменин 15-ноябрдагы билдирүүсүндө соңку учурда Армениядан, Абхазиядан жана Орусиядан унааларды тетик катары Кыргызстанга алып келип, бул жактан чогултуп унаа катары саткан учурлар бар экени айтылат.
Мындайда унаалар чек арадан, бажыдан каттоодон өтпөй, транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөрү чет өлкөдөн жасалып турганы да жазылган.
Ушуга байланыштуу Ички иштер министрлиги чет өлкөлүк номурлуу унааларды иретке келтирүү максатында Салык кызматы жана Унаа мамлекеттик агенттиги менен иш-мерчем түзүп, жакынкы күндөрү рейддер башталарын эскертти.
ИИМдин буга чейинки маалыматына караганда, Кыргызстанда 17 миңдей автоунаа жүргүнчү ташып иштейт. Анын тең жарымы оң рулдуу. Министрлик жол кырсыктарынын 60% оң рулдуу автоунаалардын айынан болорун белгилеп келет.
Август айында Бажы кызматы менен Ички иштер министрлиги өткөргөн рейдде 50 унаа кармалып, анын 28и жасалма номур жана техникалык паспорт менен жүргөнү аныкталган.