"Экөөнү тең көргүм келет". Болот Темировдун ата-энесин күткөн уулу

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандан күчтөп чыгарылган иликтөөчү журналист Болот Темиров менен алты жылга соттолгон "Темиров лайв" порталынын жетекчиси Махабат Тажыбек кызынын 12 жаштагы уулу учурда таенесинин колунда. Ал атасын эки, апасын бир жылдан бери көрө элек. Кесиптик ишмердигинен улам куугунтукка кабылган журналисттердин уулун ким камкордукка алат деген маселе чыккан эле.