"1400 терек картайган". Мэрия Айтматов көчөсүндөгү теректерди кыят

Бишкек шаары, Чынгыз Айтматов проспектиси. 15-ноябрь, 2024-жыл.

Бишкек мэриясы Чыңгыз Айтматов проспектисинин боюндагы эски теректерди кыйып, ордуна башкасын отургузууну көздөп жатат. Алар буга дарактардын айрымдарына 50-60 жыл болгонун, көбү картайып кооптуу болуп калганын жүйө келтирүүдө.

Бишкек мэриясы 15-ноябрда журналисттер үчүн көчмө маалымат жыйынын уюштуруп, Чыңгыз Айтматов проспектисине алып барды. Алгач шаар мэри Айбек Жунушалиев маалымат берип, бир топ изилдөөлөр жүргөнүн, жол боюндагы теректер эскирип, коркунуч жаратканы үчүн кыйыла турганын айтты.

"Бул теректер 1972-1975-жылдары тигилген экен. Катуу шамалдан кулай турган болсо, шаар тургундарына кооптуу болот. Биз бактардын баарын жаңылап, жалбырактуу дарактарды тиксек шаардын климатына туура келет экен. Азыр Айтматов көчөсүндөгү эле 1400 бактын мөөнөтү бүткөн экен. Анын ичинен 200 бакты алганы жатабыз".

Ошондой эле Жунушалиев Айтматов проспектисиндеги жол кеңейтилбей турганын жана жаңы тигиле турчу дарактардын арасында веложол менен эс алуу жайы пайда боло турганын кошумчалады.

Сунушталган долбоор

“Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынан билдиришкендей, теректерди кыюу жаз айларында башталып, алгач Ажыбек баатыр жана Абсамат Масалиев көчөлөрүнүн аралыгындагы теректер кыйылат. Ишкананын кызматкери Жаныбек Жумалиев кыйылган теректердин ордуна кандай көчөттөр отургузулары тууралуу маалымат берди:

"Бул жерге биз жазы жалбырактуу дарактарды сунуштап жатабыз. Бул клён багы. Аралыгы 6 метрден отургузулат. Экөөнүн ортосуна үч метрден гортензия бадалдары болот. Алар эрте жаздан кеч күзгө чейин гүлдөп тура тургандар. Экинчи катарына дагы ийне жалбырактуу бактарды сунуштап жатабыз".

Мэриянын маалымат боюнча, бул теректерди кыюуга Ботаникалык бак менен Улуттук илимдер академиясы корутунду берген. Ботаникалык бактын илимий кызматкери Леонид Андрейченко билдиргендей, Айтматов проспектисиндеги теректер жакшы шарт болсо, 80 жылга чейин жашай бермек. Бирок бул теректер убагында каралбай калганы үчүн кыюуга туура келгенин айтууда.

"Көп учурда теректер толук кандуу суу ичпей калат. Мындан улам тамыры кургай баштайт. Анан эми бул теректер куурай баштады, өзүңүз көргөндөй, куураган бутактары да көбөйүп калыптыр. Буга чейин бир канча жолу аларды кыйышты. Ошондуктан буларды кыя берсе болот, кооздугу да кетип калды. Эми булардын ордуна жаңы теректерди тигүү керек".

Өткөн жылы аталган көчөдөгү айрым теректер куурап, зыянкечтер каптап кеткени айтылган. Мунун себебин айрым адистер суунун жетишсиздигинен жана бак-дарактардын убагында каралбай калганынан көрүшкөн.

Дагы караңыз "25 жыл дарыланган жок". Бишкектеги бактарды зыянкечтер каптады

“Арча демилгеси” коомдук фондунун билим берүү, изилдөө программаларынын координатору Дмитрий Переяславский алдыда тигиле турчу дарактар тууралуу буларды айтты.

Дмитрий Переяславский

"Биз жергиликтүү токой чарбалардын дарактарын тигүүгө сунушубузду берген элек, эгер алар чындап алмаштырууну көздөп жатса. Бул эми канчалык ишке ашат белгисиз, бирок, эгер чет өлкөдөн, мисалы, Европадан алып келип отургуза турган болсо, биринчиден, ал биздин климатка көнө албай калышы мүмкүн. Экинчиден, биздин экономикага пайдасы жок болот. Эгер жергиликтүү көчөттөрдү тиге турган болсо бул жумушчу күчтөрүнө, ошондой эле финансылык жана экономикалык пайдасы тиймек".

Бишкек мэриясы жаңы көчөттөрдү тигүүгө азырынча канча каражат кетери жана аларды кайдан алаарын ачык айта элек.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте бак-дарак азайып баратат


Ал тапта Айтматов көчөсүндөгү теректер кыйылат деген маалымат тарагандан бери социалдык тармактын колдонуучулары муну кызуу талкуулап жатышат. Бири мэриянын бул кадамын кескин сындаса, кубаттагандары да бар.

Ушул тапта Бишкек шаарында 250 миңдин тегерегиндеги гана бак-дарак бар. Бул шаар аянтынын 10% дагы түзбөйт. “Арча демилгеси” коомдук фонду 2014-2021-жылдары Бишкекте 479 гектар жашыл аймак кыскарганын изилдеп чыгышкан.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Дарагын көбөйткөн дарыга күнү түшпөйт…