Орусия бүгүн 15-ноябрда түштүк аймагы Украинанын жапырт дрон чабуулуна кабылганын билдирди. Краснодар крайынын губернатору Вениамин Кондратьев украиндер Крымск шаарынын чет жакасындагы ири орусиялык авиабазаны бутага алууга аракет кылышканын Telegram каналына жазды.
Кондратьевдин айтымында, дрондор Крымск жана Красноармейск аймагына учурулду, адамдар арасында жабыркагандар жок.
Astra Telegram каналы да бутага авиабаза алынганын, ал орус аскерлери Украинанын түштүгүн аткылоо үчүн колдонуп жаткан база экенин кабарлады.
Украина азырынча орус тараптын маалыматы боюнча комментарий бере элек. Согуш шартында мындай кабарларды өз алдынча тактоо мүмкүн эмес.
Орусиянын Коргоо министрлиги 15-ноябрда эртең менен өлкө аймагында жана аннексияланган Крымда абадан коргонуу системалары украиндердин жалпысынан 51 согуштук дронун атып түшүргөнүн, анын 36сы Краснодарда жок кылынганын маалымдады.
Август айында Украина Орусиянын Воронеж, Курск жана Нижний Новгород аймактарындагы төрт аэродромду учкучсуз учактары менен аткылаган.
Украина Орусиянын Крымск шаарын бутага алганы тууралуу маалымат орус аскерлери Украинанын ири порт шаары, дан азыктарын жана башка айыл чарба продукциясын экспорттоочу маанилүү борбору Одессаны жапырт аткылаганы белгилүү болгондон кийин чыга баштады.
14-ноябрда Одессада, украин тараптын соңку маалыматына караганда, Орусиянын Shahed дрондору менен жасалган чабуулунан бир аял каза болду, он киши жарадар болду. Жараат алгандар арасында 9 жаштагы бир бала бар.
Миңдеген кишинин үйүндө, төрт мектепте, жети бала бакчада, төрөт үйүндө жылуулук өчкөнүн Одесса облусунун башчысы Олег Кипер билдирди. Анын айтымында, көп кабаттуу бир нече үй жана ондогон автомашина, 40 миңдей кишини жылуулук менен камсыздоочу түтүктөр талкаланды, бир үй таптакыр жарактан чыкты.
Украин армиясы 15-ноябрга караган түнү Николаев, Кировоград жана Тернополь шаарларында Орусия учурган 29 согуштук дрондун 25и атып түшүрүлгөнүн билдирди. (RK)
Дагы караңыз
Трамп ишенген Марко Рубио Кытай, Иран, Ооганстан тууралуу эмне дейт?Ошто жаңы түптөлгөн Жаңы-Барак айылы ачылдыӨзбекстан: Алламжоновго кол салуу аракетине шектүү дагы бир киши Cеулда кармалдыАрашан айылында Маданият үйү мамлекетке кайтарылды