Кыргызстандын 2025-жылдагы мамлекеттик бюджетинин профицитин ири инфраструктуралык долбоорлорго жумшоо пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-ноябрда Жогорку Кенеште 2023-жылдын бюджетинин аткарылышы тууралуу маалымат берип жатып, билдирди.
Анын сөзүнө караганда, 2025-жылдын бюджетинин профицити 26 млрд сом болот деп күтүлүүдө. Мунун ичинен 2,4 млрд сом Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушуна салынат. 1,6 млрд сом Камбар-Ата-1 ГЭСине, калганы мамлекеттик карызды төлөөгө жумшалат.
Өкмөт башчы 2027-жылы өлкөнүн Ички дүң продукциясынын көлөмү 2 триллион сомго жетерин кошумчалады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 7-ноябрда журналисттер менен жолугушуу учурунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун ноябрдын аягында баштоо макулдашылганын билдирген. Анын маалыматында, темир жолдун курулушу Жалал-Абаддан башталганы жатат.
“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорунун наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн. Мунун жарымын – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга (БДК) насыя катары берет.
Кыргыз өкмөтү Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол курулушунун уставдык капиталына 11 млрд сом бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги жарыялаган 2025-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорунда жазылган.
Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад – Анжиян” багытында түшөт. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннел курулат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат.(ZKo)
Дагы караңыз
Трамп ишенген Марко Рубио Кытай, Иран, Ооганстан тууралуу эмне дейт?ДСУ Кыргызстанга кант диабетин аныктоочу фундус-камераларды берди14-ноябрь: Бишкекте социал-демократтар шайлоодон четтеди, АКШда Трамп мамкатчыга Марко Рубиону көрсөттүСоциал-демократтардын лидери Темирлан Султанбеков кармалдыКаспийдеги уникалдуу аюу балык кескин азайып баратат