ДСУ Кыргызстанга кант диабетин аныктоочу фундус-камераларды берди

Фундус-камера менен текшерүү учуру.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жардамы менен Кыргызстанга мобилдүү фундус-камералар алынды. Бул тууралуу Бишкекте 14-ноябрь - Кант диабетине каршы күрөшүү күнү белгиленген иш-чарада айтылды. Оорунун алдын алуу долбооруна катышкандардын бири, офтальмолог Анжела Миржалиеванын айтымында, Кыргызстанга келген төрт камеранын ар биринин баасы 6-8 миң доллар турат. Маалыматка караганда, бир стационардык фундус-камера Бишкектеги эндокринология борборуна жана Чүй облустук ооруканасына берилди. Калган экөө Аламүдүн районунда жана Токмок шаарына бөлүнөт.

"Бул долбоор мурдагы постсоветтик аймакта Арменияда жана бизде гана иштеп жатат. Кыргызстан тоолуу район, көп райондордо көз доктурлар жетишпейт. Ошондой учурда медайым фундус-камера менен кыдырып, өзү эле диабеттик ретинопатияны аныктай алат. Кант диабети менен ооруган ар бир үчүнчү бейтапта диабеттик ретинопатия бар, ал өтүшүп кетсе, адам көрбөй калат. Медайым кылган скрининг дароо дарыгердин ноутбугуна келип түшөт. Анын негизинде дарыгер кандай дарылоо керектигин чечет”.


Мындан улам аталган уюм Саламаттык сактоо министрлиги жана Дүйнөлүк диабет фонду менен биргеликте үч жыл мурда кант диабетинин алдын алуу долбоорун баштаган.

Ага ылайык, 119 медайым жана 24 медициналык кызматкер көздү скрининг кылып, кант диабетин эрте аныктоону үйрөнүшкөн.

Адистердин айтымында, кант диабети денедеги зат алмашуунун бузулушунан келип чыгат, мындан улам анын канында глюкозанын өлчөмү көбөйөт. Эгер убагында каттоого туруп дарыланбаса, дарттын кесепети оор болушу мүмкүн.

Кыргызстанда кант диабетине чалдыккан 85 миңге жакын адам каттоого турган. (ST/KE)

Дагы караңыз

ТИМ Сахалинден Кыргызстандын 11 жараны чыгарылганын билдирдиАКШ "купуя маалыматты жарыялаган" кызматкерди камаганы кабарландыАйдар Халиковдун айыптоолоруна Дайырбек Орунбеков жооп бердиЖумгалда дайынсыз болуп жаткан жарандын сөөгү табылды, баласы изделүүдө