Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:51

Жумгалда дайынсыз болуп жаткан жарандын сөөгү табылды, баласы изделүүдө


ӨКМдин куткаруучулары издөө учурунда. Жумгал, Нарын. 6-ноябрь, 2024-жыл.
ӨКМдин куткаруучулары издөө учурунда. Жумгал, Нарын. 6-ноябрь, 2024-жыл.

Жумгал районунда баласы менен мал кайтаруу үчүн кетип, бир айдан бери дайынсыз болуп жаткан адамдын сөөгү табылды.

Жакындарынын айтымында, маркумдун сөөгү 14-ноябрда Өрнөк айылында, Көкөмерен суусунан табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) ата-баланы издөө 13-ноябрда токтотулганын кабарлаган. ӨКМ маалымдагандай, мындан ары бир жумада эки жолу издөө жүргүзүлүп турат.

16-октябрда Өрнөк айылынын тургуну 45 жаштагы Болот Карыпбеков менен анын уулу Бекзат Самарбеков мал кайтарганы кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Анын апасы бийликке кайрылгандан кийин издөө иштерин күчөтүү тапшырмасы берилген.

Өрнөк Көкөмерен суусунун жээгинде жайгашкан айыл. Көкөмерен шар агып, Тогуз-Торо районунан Нарын дарыясына кошулат. Дарыянын Жумгал району тараптан өткөн бөлүгү чоң болгондуктан, адам өмүрүн алган кырсыктар катталып турат. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG