Асел
Асел Баймуканова Каспий түлөндөрүн изилдеп, алардын кескин азаюу себебин аныктоо менен он жыл алектенди.
“Мен жакыныраак сойлоп барып, түлөн араң дем алып жатканын көрдүм. Мойну балык улоочу торго оролуп, териси кесилип кетиптир”, - дейт Асел.
Окумуштуу түлөндөргө байкоо салган изилдөөчүлөрдүн эл аралык тобуна кошулган. Ошондон бери ондогон экспедицияларга катышып, айрым учурларда катуу суукта, шамалда сааттап кыймылдабай жерде жатууга туура келген.
“Жээкте кыймылдабай жатсаңар, жаныбарлар бир метр калганга чейин жакындап келиши мүмкүн. Бир жолу бир нече түлөн жаныма келип жатууга аракеттенди. Абдан кубанып, алар мени да түлөн деп ойлоп калса керек деп ойлодум. Кээде өздөрү айлананы “чалгындоого” чыгышат".
Каспий түлөндөрү – деңизди байырлаган жападан жалгыз сүт эмүүчүлөр, алар башка жактан табылбайт.
20-кылымдын башында алардын саны бир миллиондон ашчу. Азыр болсо 70-300 миңдейи эле калды.
Бирок бул сандар так эмес, себеби жакшылап иликтенген эмес.
Асел Гидробиология жана экология институтунда эмгектенет. Бул бейөкмөт уюм түлөндөр айлана-чөйрөнүн өзгөрүшүнө канчалык ыңгайлаша аларын изилдейт.
Түлөндөрдүн азайышына бир нече фактор таасир этүүдө: адам баласынын ишмердиги, абанын булгануусу, климаттагы өзгөрүүлөр жана Каспийдин тартылып баратышы. Суу тартылган жерде аралдар жок болуп, жылып же кошулуп кетет. Мындан улам түлөндөр эс ала турган жаңы жерлерди издешет.
“2009-2011-жылдары Каспийдин түндүгүндөгү Дурнев аралдарына бир эле мезгилде 30 миңдей түлөн чыгып эс алчу. 2016-жылы 200дөйү эле калган. 2019-жылы 69 болуп калды. Деңиздин деңгээли төмөндөгөн сайын аралдар кургап калып, түлөндөр башка жерлерди издей баштады. Анын үстүнө Каспийде шамал кээде суунун деңгээлин көтөрсө, кээде тынч болот”, - деп сөзүн улайт окумуштуу.
Айлана-чөйрөнүн булганышы да чоң коркунуч жаратат. Адамдар да, түлөндөр да азыктанган балыктардын денесинен түрдүү макро жана микро желим кездешет.
Асел белгилегендей, илимпоздор балыктын 5 түрүнүн ашказанынан ошондой пластиктерди таап алышкан. “Уулуу зат организмге толуп калып, иммунитетти алсыратат да, ар кандай ооруларга себеп болот”, - деп түшүндүрөт изилдөөчү.
Түлөндөр жазында жана күзүндө топтолгон Каспийдин түндүк-чыгышында антропогендик (адам баласынын) таасир анча сезилбейт. Бирок суу тартылган сайын алар айылдарга жакын түндүк тарапка жылышы ыктымал.
Жазында экологдор Түпкараган жарым аралында түлөндөр көп өлгөнүн байкашат. Толкундар кышында түрдүү себептерден өлгөн жаныбарларды жээкке чыгарып салат.
Асел жыл сайын ар кандай жаракат алган, мисалы, жаактары сынган, сүзгүчтөрү үзүлүп кеткен түлөндөрдүн саны көбөйгөнүн айтат.
Окумуштуу жаныбарлар муз жарган кемелердин шилегичине урунуп калышы мүмкүн деп болжолдойт.
Жакында Каспийдин Казакстан бөлүгүндө түлөндөр жапырт кырылганы катталды. Октябрдын аягында Маңгыстау облусунун жээгинде 289 түлөндүн өлүгү табылган. Анын себеби азырынча тактала элек.
Ушул өңдүү трагедия 2017-жылы болгон. Казакстанда ошондо 247 түлөндүн өлүгү табылгандан кийин Асел иштен кетүүнү ойлоно баштаган.
“Абдан оор болгон. Тирүү жандар менен иштейсиң да. Алар ушунчалык кызыктуу, сүйкүмдүү келишет. Анан бир туруп эле жүздөгөн өлүк жээкке сүрүлүп калганын көрөсүң. Ошондо жан талашып чуркап барып, тракторлор менен сүйрөп чыгарууга аракеттенесиң. Өлүктүн быкшыган жаман жыты урат.”
Казак өкмөтү өсүмдүктөр менен жаныбарларды коргоо, жаныбарларды реабилитациялоо жана изилдөө иштерин жүргүзүү үчүн Маңгыстау жана Атырау облустарында 109 жарым миң гектар аянтты корукка айлантууну пландап жатат.
Асел командасы менен бул аймакты кеңейтүүнү сунуш кылып, эки жыл мурун түлөндөрдү сактоо планын иштеп чыккан, бирок ал долбоорду бийлик кабыл албай койду.
Изилдөөчү Инстаграм баракчасында экспедициялары жана түлөндөр тууралуу айтып берип, түшүндүрүү иштерин да жүргүзөт.
Ал жакшылыктан үмүт үзбөшкө аракеттенет.
"Суук болсо, шорпо бышырып, калемпир салып ичем. Таттуу жана кофе алып келебиз. Мен шириндиктерди анча жакшы көрбөйм, бирок мындай шартта жегиң келет. Деңиз жээгиндеги отургучта кофе ичип, татуу токоч жеп отурасың, жыргал", - деди ал.
Асел Баймуканова Каспийдин Казакстан тарабындагы жээктери бул жаныбарлар үчүн абдан маанилүү экенин, жазында жана күзүндө 98% ошол жерди байырлаарын баса белгилейт.
Анын пикиринде, мындай жагдайда Казакстанга аларды сактап калуу үчүн өзгөчө бир жоопкерчилик жүктөлөт.
Авторлор: Мадина Куанова жана Рэй Фурлонг
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.