АКШ "купуя маалыматты жарыялаган" кызматкерди камаганы кабарланды

АКШнын Юстиция министрлиги купуя маалыматтын чыгып кетишине байланыштуу айыпталып жаткан кишини Камбоджа өлкөсүнүн аймагында колго түшүргөнүн 13-ноябрда америкалык жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

Ага Кошмо Штаттардын чалгын мекемесинин Израилдин Иранга каршы жооп чарасы боюнча планы тууралуу өтө купуя маалыматынын ачыкка чыгып кетүү ыктымалдыгына байланыштуу айып тагылганы кабарланды.

Маалыматта айтылгандай, Асиф В. Рахман аттуу киши ушул айдын башында улуттук коопсуздукка тиешеси бар маалыматты атайылап, билип туруп өткөрүп берген деп шектелүүдө. Аны 12-ноябрда АКШнын Федералдык иликтөө бюросу (FBI) кармады, соту Гуамда өтөт.

Басылмалар соттук материалдарга таянып, ал АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (CIA) кызматкери катары өтө купуя маалымат менен иштеген, жашыруун маалыматтарды көрүп тура алган киши болгонун жазып жатышат.

The New York Times басылмасы белгилегендей, сөз октябрь айынын ортосунда Telegram социалдык түйүнүнө жарыяланган чалгын документтер тууралуу болууда. Ал жерде Израилдин курал-жарак ташуу, Аскердик-аба күчтөрүнүн кызматкерлерин ракета менен иштөөгө машыктыруу боюнча планы делген маалыматтар камтылган. (RK)

Дагы караңыз

Кадыр Атамбаев милиция Султанбековду атасы менен чогуу кармап кеткенин айтып чыктыИшкер Байболова "Оберон" боюнча Жогорку сотко кайрылды Орусиянын дрон чабуулунан Донецкиде киши өмүрү кыйылдыСот Султанбековду, Карамушкинаны, Түрксеверди эки айга камады