Орусиянын армиясы Киевге бомбалоочу учактар менен чабуул койду

Орусиянын армиясынын ракета жана дрон менен жасалган чабуулунан жер төлөлөрдө коргонуп отурган Киевдин тургундары. 13-ноябрь, 2024-жыл. Украина.

Орусиянын армиясы 13-ноябрдын таңында Украинанын баш калаасы Киевге дрондор жана ракеталар менен сокку урду. Калаада абадан коргонуу системалары иштеди. Украин армиясынын Аба күчтөрү билдиргендей, жалпысынан алты Ту-95MC стратегиялык бомбалоочу учактар менен чабуул коюлган.

Шаар башчысы Виталий Кличко тургундарды бомбадан коргонуу жайларынан чыкпай турууга чакырды.

Анын алдында орус армиясы баллистикалык ракеталар менен аткылаган. Маалыматка караганда, Х-23 канаттуу ракетасы, "Искандер-Н" баллистикалык ракетасы жана Түндүк Кореяда өндүрүлгөн "Хвасон-11" ракетасы жана бир нече дрондун түрлөрү колдонулган.

Чабуул эки саатка созулду. Украин жетекчилиги билдиргендей, бир нече ракета жана онго жакын дрон атып түшүрүлгөн.

Мындай сокку баш калаага 73 күндөн бери жасала электигин калаанын аскердик администрациясы билдирди.

Бир нече күн мурда Орусиянын баш калаасы Москва дагы дрондордун жапырт чабуулуна кабылган. Орусиянын Коргоо министрлиги аны украин бийлигинен көрүп, жалпы 84 дрон менен кол салуу болгонун ырастаган.

Расмий Киев Орусияда болгон окуяларга адатта комментарий бербейт.

Дагы караңыз

Жумгалда дайынсыз кеткен ата-баланы күндө издөө токтотулдуЭл аралык уюмдар Газага жеткирилген гумжардам боюнча Израилди сынга алды Кыргызстанда ВИЧти 13 331 адам алып жүрөт