Жумгал районунда мал кайтаруу үчүн кетип, дайынсыз кеткен ата-баланы күн сайын издөө 13-ноябрда токтотулду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдагандай, мындан ары бир жумада эки жолу издөө жүргүзүлүп турат.
“Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жеке көзөмөлү менен бир айга жакын издөө иштери уланып, куткаруучулар менен жалпы 30дан 120га чейин адам жана дрондордун, дүрбү, рация, авариялык куткаруу автоунааларынын жардамында изделип келди”, - деп айтылат билдирүүдө.
16-октябрда Өрнөк айылынын тургуну 45 жаштагы Болот Карыпбеков менен анын уулу Бекзат Самарбеков мал кайтарганы кеткен бойдон дайынсыз жоголгон. Буга чейин президент Садыр Жапаров дайынсыз кеткен ата-баланы издөө иштерин күчөтүү тапшырмасын берген.
Өрнөк Көкөмерен суусунун жээгинде жайгашкан айыл. Көкөмерен шар агып, Тогуз-Торо районунан Нарын дарыясына кошулат. Дарыянын Жумгал району тараптан өткөн бөлүгү чоң болгондуктан адам өмүрүн алган кырсыктар катталып турат. (TSh)
Дагы караңыз
Депутат Акаев Орусия куруп берчү мектептердин баасы жогору экенин айтты