Кыргызстанда ВИЧти 13 331 адам алып жүрөт

Кызыл тасма дүйнөдө ВИЧке каршы күрөштүн белгиси катары таанылган.

Кыргызстанда 2024-жылдын 1-ноябрына карата 14 159 кишиде адамдын иммундук жетишсиздик вирусу (ВИЧ) аныкталды. Алардын 13 331и кыргызстандыктар, калганы чет өлкөнүн жарандары.

Расмий каттоого алынгандардын арасынан 3551 адам кайтыш болгон. Бул тууралуу Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатитке жана ВИЧке каршы күрөшүү борбору кабарлады.

1-декабрь СПИДге каршы күрөшүүнүн эл аралык күнү. Бул датага байланыштуу Кыргызстанда жылына бир ай "СПИДге каршы чогуу күрөшөбүз” улуттук өнөктүгү өтөт.

Калктын бул дарт тууралуу кеңири маалыматы болгонуна карабастан, адистер коомдо ВИЧ инфекциясын жуктургандарды басмырлоо бар экенин белгилешет.

ВИЧ бар же жогун шилекей аркылуу аныктай ала турган тест-системаны каалоочулар www.epictest.live сайтынан каттоодон өтүп, алса болот. (TSh)

Дагы караңыз

Депутат Акаев Орусия куруп берчү мектептердин баасы жогору экенин айтты