Украинада Орусиянын дүйшөмбүдөгү соккусунан каза болгондор арасында үч баласы менен жаш келин бар экени аныкталды. Кривой Рог шаарында ракеталык чабуулга кабылган беш кабаттуу үйдүн урандылары астынан 32 жаштагы келиндин жана анын 10 жаштагы, 2 жашар жана эки айлык балдарынын сөөгү табылды. Күйөөсү аман калганы белгилүү болду.
Куткаруу-издөө иштери аяктаганын Днепропетров облустук аскердик администрациясынын башчысы Сергей Лысак билдирди.
Бир күндө аялынан жана үч баласынан ажыраган жарандын апасы айтып бергендей, сокку уулу ашканага таңкы тамак даярдаганы чыгып кеткен учурда урулган.
Украина Орусиянын баллистикалык ракетасы тийген беш кабат үйдүн бир бөлүгү толук ураганын кабарлады. Орусия бул боюнча комментарий берген жок.
12-ноябрда да Орусия Украинанын аймагына ракета жана дрон менен чабуул койду. Запорожьеде эки, Харьковдо үч, Донецкиде төрт жайкын тургун жараат алды. Донецк облусунда аба соккусунан 16 жаштагы жигит жабыркады. Shahed согуштук дрондорунан 110у учурулганы, анын 46сын атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнү маалымдалды.
Украин президенти Владимир Зеленский Орусия аёосуз чабуулдарын улантып жатканын, өлкөсү Батыштагы өнөктөштөрүнүн жардамына муктаж экенин 9-ноябрда билдирген. (RK)
Дагы караңыз
Сокулукта окуучунун өлүмүнө шектүү сегиз жылга кесилдиБаш прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу олуттуу беренелер боюнча шектелип кармалды Израил Газадагы жана Ливандагы соккуларын улантты12 жылдык окутууга өткөн оңойбу?