Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:47

Баш прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу олуттуу беренелер боюнча шектелип кармалды


Кубан Адыл уулу.
Кубан Адыл уулу.

Ички иштер министрлигинин тергөө кызматы Баш прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулун кармады. Анын бөгөт чарасы 12-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралып, келерки жылдын 10-январына чейин камакка алынды.

“Азатыкка” райондук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, Адыл уулуна Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Массалык баш аламандыктар") 1-бөлүгү, 261-беренесинин ("Уюшкан топту түзүү же ага катышуу") 1-бөлүгү, 263-беренесинин ("Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо") 2-бөлүгү, 326-беренеси ("Бийликти күч менен басып алуу") боюнча айып коюлууда.

Ички иштер министрлиги жана Адыл уулунун адвокаты, жакындары комментарий бере элек.

Кубан Адыл уулу быйыл апрелде президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен баш прокурордун орун басары кызматынан алынган.

Садыр Жапаров 24-апрелде ошол маалдагы башкы прокурор Курманкул Зулушев менен мурдагы жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Тургунбаевге сөгүш берип, Кубан Адыл уулун кызматтан бошотуу боюнча сунуштама берүүнү тапшырган.

Буга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев президенттин администрациясына кызматтык кат жолдогону себеп болгон. Анда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы лицензиялоо маселелери боюнча комиссиянын ишмердигине прокуратуранын айрым кызматкерлери кийлигишип жатканы жазылган.

49 жаштагы Кубан Адыл уулу эмгек жолун 2000-2003-жылдары Нарын облусунун прокуратурасынын инспектору, жетектөөчү адиси болуп иштөөдөн баштаган. 2021-жылга чейин прокуратура тармагында ар кандай кызматтарда эмгектенип, 2021-жылы башкы прокурордун орун басары болуп дайындалган.

Шерине

XS
SM
MD
LG