Бишкекте автоунаа базары тарапта жайгашкан убактылуу автобекетке чейин автобус жүргүзүлдү. Бишкек мэриясынын маалыматында, №19 каттамдагы автобус муниципалдык, жол акы шаар ичиндегидей эле 17 сом.
Автобус Ош базарынан Ош, Баткен, Жалал-Абад, Талас тарапты жана Чүйдүн батыш аймактарына кетүүчү автоунаалар үчүн ачылган убактылуу бекетке чейин барат.
Андан тышкары аталган автобекетке шаардан №13, №40 автобустар жана №258 кичи автобус жүрүп жатат.
Бишкектеги Батыш автобекети 23-октябрдан тарта жабылып, бардык каттамдар былтыр жаңы курулган "Бишкек автобекетинен" кете турганы кабарланган. Шаардык мэриянын билдиришинче, жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн Батыш автобекетинен Бишкек автобекетине №13 каттамдагы автобус жүргүзүлгөн.
Кийинчерээк мэрдин орун басары Жамалбек Ырсалиев Батыш автобекетинен өлкөнүн батыш тарабына жана түштүк аймагына кетүүчү автоунаалар РИОМ унаа базары менен жаңы ат майдандын жанынан кетерин айтып чыккан.
Социалдык тармактарда бул багыттарга каттаган таксисттер автобекетте эч кандай шарт жоктугун айтып, нааразы болушкан соң, мэрия бул убактылуу гана автобекет болорун, негизги Батыш автобекети Бишкектин Фучик көчөсүнө курулуп жаткан ири комлпекске жайгашарын билдирген.(ZKo)
Дагы караңыз
Зурабишвили башкаруучу партияны Грузияны "басып алды" деп айыптадыЕБ Украинага жөнөткөн снаряд санын быйыл 1,5 миллионго жеткиретЛейлек: Климат көчмөндөрүСырский Орусия Курскидеги украин аскерлерин сүрүп чыгарууга камданып жатканын айтты