Зурабишвили башкаруучу партияны Грузияны "басып алды" деп айыптады

Саломе Зурабишвили.

Саломе Зурабишвили.

Грузия президенти Саломе Зурабишвили бийликтеги "Грузин кыялы" партиясы өлкөдөгү бардык мамлекеттик институттарды "дээрлик басып алганын" айтып, республиканы евроатлантикалык интеграция жолуна кайтарыш үчүн жаңы шайлоо өткөрүү керек экенин билдирди.

11-ноябрда Тбилисиде өткөн пресс-конференцияда ал Европа Биримдигинин делегациясы менен жолугушуу өткөргөнүн, анда ушул маселе талкууланганын айтты.

"Бизде кризис башталууда. Кокусунан эле башкача болуп кетиши мүмкүн эмес. Накта кризис", - деди шайлоонун жыйынтыгын таануудан баш тарткан президент.

Зурабишвили Грузияда парламент, өкмөт жана убактысы келгенде жаңы президент легитимдүү болушу үчүн кайрадан шайлоо уюштуруу зарыл экенин белгиледи.

Тбилисиге барган Еврошаркет делегациясынын курамына Германия, Финляндия, Швеция, Франция, Литва, Латвия, Эстония жана Польша парламенттеринин эл аралык комитеттеринин башчылары кирди.

Грузин парламентинин төрагасы Шалва Папуашвили алар менен жолугушуудан баш тартты. 11-ноябрдагы билдирүүсүндө спикер мындай чечимин аталган өлкөлөрдүн өкмөттөрүнүн "грузин өкмөтүнө жана грузин коомуна карата көрсөткөн достук эмес мамилеси" менен түшүндүрдү.

Делегация мүчөлөрү Папуашвилинин мамилесин сындашты. Литвалык депутат Жигимантас Павиленис "Грузин кыялы" демократия сынагынан "өтө албай калганын", франциялык депутат Фредерик Пети "мындайды күтпөгөнүн" айтышты, ал эми германиялык депутат Михаэл Рот "өкүнүп турганын" билдирди.

Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель Грузиядагы шайлоо боюнча "дыкат териштирүүнү талап кылган олуттуу алдамчылык тууралуу шек бар" экенин 8-ноябрда айткан.

26-октябрда бийликти орусиячыл олигарх Бидзина Иванишвилинин “Грузин кыялы” партиясы башкарып турган Грузияда парламенттик шайлоо өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясы аталган партия добуштардын 53,92%, ал эми оппозицияга 38% тийгенин жарыялаган. (RK)

Дагы караңыз

Израил Газада "гуманитардык зонаны" кеңейтип жатканын кабарлады Израил Газада "гуманитардык зонаны" кеңейтет Садыр Жапаров Кыргызстан Газага гумжардамды "үзгүлтүксүз улантуу аракеттерин көрүп жатканын" айттыОрусия Курскиге 50 миңден ашуун аскер жибере турганы кабарланды "Аталардын жүз жыл мурдагы ишин азыр кыла албай жатабыз"