Тегеранда Саудия менен Ирандын аскердик кызматташтыгы талкууланды

Файяд ал-Рувайли жана Мохаммад Бакери. Тегеран. 2024-жылдын 10-ноябры.

Ирандын борбору Тегеранда бул өлкөнүн жана Сауд Арабиясынын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабдарынын башчылары Файяд ал-Рувайлинин жана Мохаммад Бакеринин жолугушуусу өттү. Ирандын расмий маалымат агенттиги IRNA 10-ноябрда кабарлагандай, коргонуу дипломатиясын өнүктүрүү жана эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланганын билдирди.

Бакери Сауд Арабиясына былтыр да барып, коргоо министри, канзаада Халид бин Салман ал-Сауд менен аймактагы окуяларды жана коргоо жаатындагы алаканы талкуулаган.

2023-жылдын март айында дээрлик жети жылдан кийин эки өлкө Кытайдын ортомчулугу менен дипломатиялык байланышты кайрадан улантууга макул болушкан, июнь айында Сауд Арабиясынын тышкы иштер министри Фейсал ибн Фархан Иранга барган.

Саудия бийлигиндеги сунни көпчүлүгү шиилер башкарган Иран менен байланышын 2016-жылы үзгөн. Буга расмий Эр-Рияд таасирлүү шии дин кызматкери Нимр ал-Нимрди өлүм жазасына тарткандан кийин Тегерандагы жана Мешхеддеги саудиялык дипломатиялык мекемелер кол салууга кабылганы себеп болгон.

Саудиялык аскер жетекчисинин Тегеранга сапары АКШда президенттикке кайрадан Дональд Трамп шайланган учурда уюштурулду. Трамптын шайлоо алдындагы убадаларынын бири АКШнын союздашы Израил Газада жана Ливанда Иран колдогон топторго каршы согуш жүргүзүп жаткан Жакынкы Чыгышка тынчтык орнотуу болгон. (RK)

Дагы караңыз

Бишкек мэриясына туура эмес токтотулган автоунааларды эвакуациялоо укугун берүү сунушталдыМосква дрон чабуулуна кабылды, үч аэропорттун иши үзгүлтүккө учурадыБоррел Украинаны "чексиз" колдоо убадасын бердиАба ырайы: жамгыр, кар жаайт