Шашылыш билдирүү:
13-14-ноябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт: көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 13-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, 14-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Айрым жерлерде туман түшөт.
Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
12-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…5, күндүз 5…10,
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9,
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 2…7, күндүз 9…14,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…+1, күндүз 6…11,
Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9,
Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 2…4°, күндүз 7…9° жылуу болот.
Дагы караңыз
Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жеке клиникада иштөөгө тыюу салган мыйзам долбоору каралуудаТаласта эки адамды өлтүрүүгө шектүү кармалды Сексуалдык ыдыкка шектелген жаран сегиз жылга кесилди Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулаган саммитке катышуу үчүн Эр-Риядга бардыМосква: "Насыясы барлар айласыздан согушка кол коёт" Москва дрон чабуулуна кабылды, үч аэропорттун иши үзгүлтүккө учурады