"Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө" деп аталган мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик медициналык мекемелердин жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө уруксат берилбейт. Аталган мыйзам долбоору 11-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде экинчи окууда кабыл алынды.
Комитет мүчөлөрү мамлекеттик медициналык мекемелерди бир эле адамдар улам жетектеген учурлар бар экенин эскертишип, алардын жетекчилик мөөнөтүн чектөөнү сунушташты.
Кыргызстанда мамлекеттик медициналык мекемени жетектеп туруп, жеке клиника ачып алган же ал жакта кошумча иштеген айрым кызмат адамдарына карата сын-пикирлер айтылган. Алардын бири - Улуттук Онкология борборунун мурдагы башчысы Бактыгүл Султангазиева ушундай дооматтардан кийин кызматынан бошотулганы 11-ноябрда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде маалым болду.
Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетовдун депутаттарга берген маалыматына караганда, ушул тапта өлкөдөгү төрт мамлекеттик оорукананын жетекчисинин жеке клиникалары бар. 88 бөлүм башчы коммерциялык медициналык мекемелерде иштешет. (ZKo)
Дагы караңыз
Таласта эки адамды өлтүрүүгө шектүү кармалды Улуттук Онкология борборунун жетекчиси кызматтан алындыСексуалдык ыдыкка шектелген жаран сегиз жылга кесилди Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы абалды талкуулаган саммитке катышуу үчүн Эр-Риядга барды