Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары бүгүн, 11-ноябрда Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен баланы издөө иштерин улантышууда.
Министрликтин маалыматына караганда, 10-ноябрда Ош шаарынын Жаңы-Маала айылында С.И. аттуу 5 жашар бала Ак-Буура дарыясынын жээгинде ойноп жатып түшүп кеткен.
Ошол эле күнү баланы издөөгө 4 куткаруучу тартылган.
11-ноябрда ошондой эле Нарын шаарында көпүрөдөн сууга секирип кеткен 17 жаштагы кызды издөөгө 11 куткаруучу чыкты. Кыз Нарын шаарынын Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн Нарын дарыясына секирип кеткени тууралуу 2-ноябрда маалымат түшкөн. Ошол күндөн бери издөө уланууда.
Мындан тышкары Жумгал районунда мал кайтаруу үчүн кетип, дайынсыз кеткен ата-баланы издөө иши дагы уланууда. 11-ноябрда жалпы 33 адам издөө ишерине чыкты.
16-октябрда Өрнөк айылынын тургуну 45 жаштагы Болот Карыпбеков менен анын уулу Бекзат Самарбеков мал кайтарганы кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
Буга чейин президент Садыр Жапаров дайынсыз кеткен ата-баланы издөө иштерин күчөтүү тапшырмасын берген.(ZKo)
Дагы караңыз
Президент Жапаров Аспековдун, Темировдун билдирүүлөрүн жалаа деп сапаттады Москва дрон чабуулуна кабылды, үч аэропорттун иши үзгүлтүккө учурадыWSJ: "Роснефть", "Газпром нефть" жана "Лукойл" биригиши мүмкүн ТИМ: Пакистандын Кветта шаарындагы терактта кыргыз жарандары жабыркаган жок