Москва дрон чабуулуна кабылды, үч аэропорттун иши үзгүлтүккө учурады

Иллюстрациялык сүрөт.

Орусия 10-ноябрда Украинанын дрон чабуулуна кабылганын, ондогон учкучсуз учак борбор калаа Москваны бутага алганын, шаардагы үч аэропорттун иши убактылуу үзгүлтүккө учураганын расмий маалымат агенттиктери кабарлады.

Москва мэри Сергей Собянин жекшембиге караган түнү жана эртең менен абадан коргонуу системалары 32 согуштук дронду атып түшүргөнүн билдирди. 2022-жылы Орусия Украинага кол салгандан бери Москва мындай чоң чабуулга биринчи жолу кабылды.

"Баштапкы маалымат боюнча, дрондун сыныктары түшкөн жерлерде адамдар арасында жабыркагандар жок. Тийиштүү кызматтар жеринде иштеп атат", - деди калаа башчысы.

Ал эми Москва облусунун губернатору Андрей Воробьев бир киши жараат алганын, кээ бир үйлөрдө өрт чыкканын айтты.

Росавиация мекемеси "Шереметьево", "Домодедово" жана "Жуковский" аэропорттору "Жарандык учактардын учуу коопсуздугун камсыздоо максатында" ишин убактылуу токтото турууну чечкенин маалымдады.

Аэропорттор бир нече сааттан кийин ишин кайра жандантканын ТАСС мамлекеттик маалымат агенттиги жазды.

Орусия Украина менен чектеш Брянск жана Калуга облустарына да дрон соккусу урулганын, кээ бир жерлер өрттөнгөнүн билдирди.

Киев адатта Орусияга жасаган чабуулдарынын максаты Украинаны бутага алып жаткан аскердик инфраструктураны талкалоо экенин айтып келет.

Украина 10-ноябрда Орусиянын аскерлери 145 согуштук дрон менен чабуул койгонун, анын 62син атып түшүрүүгө үлгүргөнүн билдирди.

Одесса аймагында кеминде эки киши жараат алганы, кээ бир жерлерде үйлөр талкаланганы белгилүү болду. (RK)

Дагы караңыз

"Жарыкка чыга элек чыгармалары көп". Өткүр талант Дүйшөн Керимовдун өмүрү Дин боюнча мыйзам долбоору: Үй кыдырып, үгүт айтуу маселеси талкууда Дин саясаты: Даават, диний билим берүү, коопсуздук Тажикстанда Кыргызстанда өндүрүлгөн көмүр 30% кымбаттады