Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:21

Тажикстанда Кыргызстанда өндүрүлгөн көмүр 30% кымбаттады


Тажикстанда Кыргызстандан ташылып барган көмүр былтыркыга салыштырмалуу бери дегенде 30% кымбаттады. Бул тууралуу “Озоди” радиосу ишкерлер берген маалыматка таянып кабарлады. Ага ылайык, учурда кыргыз көмүрүнүн бир килограмы 4 сомони 30 дирамдан сатыла баштады. Былтыр болсо мындан бир сомониге арзан болгон. Учурда Кыргызстандан көмүр Тажикстанга Өзбекстан аркылуу ташылып жатат.

"Озодинин" билдиришинче, коңшу өлкөдө өздөрүндө өндүрүлгөн көмүргө караганда Кыргызстандыкы бааланат.

Чек арадагы куралдуу кагылыштан кийин, 2021-жылы Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги август айында быйыл 4,6 миллион тонна көмүр өндүрүү пландаштырылып жатканын билдирген.

Өлкөдөгү отуздай көмүр кени Баткен, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарынын аймактарында жайгашкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG