Бишкек-Ош жолундагы "Сосновка" бекетинде жүк ташыган машиналарга киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
"Жол тайгак болгондуктан кырсыктардын алдын алып, тыгын болтурбоо үчүн Жайыл районунун "Сосновка" бекетинде оор жүк ташыган машиналарга 9-ноябрда 17.15те чектөө киргизилген. Машиналардын баары 10-ноябрда 08.20дан тартып өткөрүлө баштады",- деп жазылган маалыматта.
Кыргызстанда кан жолдордо аба ырайына байланыштуу маал-маалы менен чектөөлөр киргизилип жатат.
Тиешелүү мекемелер узак жолго чыккан айдоочуларга дөңгөлөктөрүн алмаштырып, ар кандай кырдаалга даяр болуу керектигин эскертип келет.
Дагы караңыз
WSJ: "Роснефть", "Газпром нефть" жана "Лукойл" биригиши мүмкүн Садыр Жапаров жаштарды добуш берүүгө үндөгөн долбоор жөнүндө айтты