Трамп менен Зеленскийдин сүйлөшүүсүнө Маск дагы катышканы кабарланды

Дональд Трамп жана Илон Маск. 2024-жылдын 5-октябры.

АКШдагы президенттик шайлоодо жеңип чыккан Дональд Трамп менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө Илан Маск дагы катышканын маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Атын атагысы келбеген украиналык жогорку кызматтагы аткаминер 8-ноябрда AFP агенттигине 7-ноябрдагы телефон сүйлөшүүлөр тууралуу Axios басылмасы жазган маалымат чын экенин билдирген.

Space X жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү, миллиардер Илон Маск телефон аркылуу сүйлөшүүдө Starlink спутниктери аркылуу Украинаны колдоосун улантарын айткан. Зеленский украин аскерлери колдонуп жаткан спутник интернети үчүн Маскка ыраазычылык билдирген.

Зеленский Трампты жеңиши менен куттуктаган. Трамп Украинага колдоо көрсөтөрүн айтып, бирок кеңири маалымат берген эмес.

Илон Маск Трамптын президенттик кампаниясына миллиондогон доллар колдоо көрсөтүп, аны менен бир катар үгүт иш-чараларына катышкан. Масктын АКШнын Украинага аскердик колдоосу тууралуу билдирүүлөрү Киевде нааразычылыктарды жаратып келет.

Дагы караңыз

Жасалма интеллект менен фейк маалымат тараткандарды жазалоо сунушталууда