Жогорку Кеңештин депутаты Арсланбек Малиев “Жеке мүнөздөгү маалымат жөнүндө” жана Кылмыш жаза кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Документ Жогорку Кеңештин сайтына 31-октябрда коюлган.
Негиздемеде долбоордун максаты жарандардын жеке маалыматтары боюнча жасалма контенттердин тарашына жана ар кандай багытта колдонулушуна жол бербөөнү көздөй турганы айтылат.
Демилгечи депутат жасалма интеллекттин пайда болушу менен дипфейк дагы өнүгүп жатканын белгилеп, ал коомдук пикирге, саясий процесстерге, ишкердик репутация жана адамдардын мамилесине олуттуу таасирин тийгизиши мүмкүн экенин билдирген.
“Бул мыйзамдын дагы бир маанилүү аспектиси - фейктерди түзүү жана жайылтуу үчүн жоопкерчиликти белгилөө болуп саналат. Мыйзам атайлап жасалма контентти колдонуу менен жалган маалымат тараткан жана колдонгон адамдарга жазаларды аныкташы керек”, - деп жазылган анда.
Жасалма интеллекттин, ар кандай технологиянын негизинде адамдардын жеке маалыматтарын, сүрөт, аудио, видеолорун анын макулдугусуз пайдалануу жана жайылтууга тыюу салуу сунушталган. Мыйзам бузган адамдарды 1 жылдан 3 жылга чейин түзөтүү жумуштарына тартуу же 50-100 миң сом айып пул салуу каралган. Эл алдында же жалпыга маалымдоо каражаттары же интернет аркылуу ушул мыйзамдагы эрежелер бузулса, 100-200 миң сом айып пул салынат.
Кыргызстанда 2021-жылы “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндөгү” мыйзам кабыл алынган.
Жарандык коом, бир катар эл аралык уюмдар бул документ эркин маалымат каражаттарына каршы иштеген мыйзам экенин, сөз эркиндигине коркунуч жаратып жатканын билдирип келет. (TSh)
Шерине