Украина: Орусия Одесса жана Харьков шаарларын аткылады

Архивдик сүрөт. Орусиянын Одесса облусуна жасаган соккусунан кийин чыккан өрт. 2024-жыл, октябрь айы.

Орусия күчтөрү 9-ноябрга караган түнү Украинанын Одесса жана Харьков шаарына сокку урду. Бул тууралуу украин бийлиги кабарлады.

"Душман Одессага жана анын райондоруна дрондор менен чабуул жасоодо. Абадан коргонуу күчтөрү иштеп жатат”, - деп жазды Одесса администрациясынын башчысы Олег Кипер.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына караганда, чабуулардан бир нече көп кабаттуу үй жана жер тамдар, административдик имарат, кампа, автоунаалар талкаланды. Жарадар болгондор жөнүндө кабарланган жок.

Харьковдун мэри Игорь Терехов шаарга авиациялык бомба менен сокку урулганын билдирди. Снаряд шаардын эки району кесилишкен жердеги жолго түшкөн. Жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Орусиянын Коргоо министрлиги түндөгү чабуулдар жөнүндө маалымат тараткан жок.

Дагы караңыз

Президент Жапаров Сауд Арабияда Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланган саммитке катышат