Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:45

Президент Жапаров Сауд Арабияда Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланган саммитке катышат


Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.
Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 11-ноябрда Сауд Арабиясына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Мурат Азымбакиев билдиргенин президенттин сайты жазды.

Маалыматка караганда, Садыр Жапаров Ислам кызматташтык уюмунун кезексиз саммитине катышып, сөз сүйлөйт. Жыйында Палестина, Ливан жана жалпы эле Жакынкы Чыгыштагы кырдаал талкууланары пландалган. Жапаров Сауд Арабиясында эки тараптуу жолугушууларды дагы өткөрөрү айтылды.

Кыргызстан Сауд Арабиясы менен соода-экономикалык кызматташтыкка, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү көлөмүн арттырууга көңүл буруп келет. Сауд өнүктүү фонду менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташуу 2011-жылы башталган.

Фонд айыл чарба, саламаттык сактоо жана жол инфраструктурасын жакшыртуу долбоорлорун каржылайт. Алардын катарында Бишкектеги №3 балдар ооруканасынын жаңы имараты бар. Ушуга окшогон бир катар долбоорлорду каржылоого 30 млн. доллар бөлүнгөн. Мындан тышкары жалпы өлкө боюнча отуз мектеп салып берери айтылган. (TSh)

Шерине

XS
SM
MD
LG