Венгриянын борбор шаары Будапештте бүгүн 8-ноябрда Европа Биримдигине мүчө өлкөлөдүн лидерлеринин бейформал саммити өтүүдө. Талкууланып жаткан негизги маселелердин бири - Орусиянын Украинага каршы согушу жана жалпы континенттин коопсуздугу.
Бул саммит АКШда президенттикке Украинага үзгүлтүсүз жардамдын жана НАТОнун колдоосунун зарылчылыгы боюнча маселе көтөрүп келген мурдагы президент Дональд Трамп шайланган учурда өтүүдө.
Кошмо Штаттар Украинага аскердик жана экономикалык колдоосун көрсөткөн негизги өлкө, Евробиримдик да анын ири донорлорунун катарына кирет. Биримдиктин лидерлеринин көпчүлүгү Украинага бекем колдоосун айтып келе жатышат.
Саммит алдында Венгриянын премьер-министри, Орусиянын президенти Владимир Путин менен достук мамиледеги саясатчы, Москвага каршы санкцияларды колдобогон Виктор Орбан мамлекеттик радиого курган маегинде Евробиримдик Украинага жардам боюнча позициясын кайра карап чыгышы зарыл экенин айтып, кырдаалды "утулган согуш" деп атады.
"Америкалыктар бул согушту токтотот, алар согушту жактабайт. Европа бул согушту өзү жалгыз каржылай албайт. Айрымдар бул утулган согушка дагы эле өтө көп акча жөнөтүүнү уланта бергиси келүүдө. Бирок үн катпай отургандар, биз жаңы кырдаалга ыңгайлашуубуз керек экендигин абайлап айткандар көбөйүүдө", — деди Орбан.
Бирок Украинанын Европадагы негизги тарапташы Германиянын канцлери Олаф Шольц биримдиктин позициясы мурдагыдай бекем экенин айтты:
"Орусия Украинага кол салды. Согушун ошондой эле ырайымсыздык менен улантып жатат. Биз биргелешип Европа Биримдиги катары, европалыктар катары биздин коопсуздугубуз үчүн колдон келген бардык аракетибизди көрүшүбүз керек. Эгер ар бирибиз салым кошсок, өзгөчө ийгиликтүү болот".
Европа Кеңешинин президенти Шарль Мишель да Украинага бекем колдоосун билдирди.
"Биз Украинаны күчтөндүрүшүбүз, колдошубуз керек. Себеби эгер биз Украинаны колдобосок, Путинге жана дүйнөдөгү башка да авторитардык режимдерге туура эмес белги берген болобуз", — деди ал.
Орусияга баш ийип берүү Европа үчүн "өзүн өзү жок кылгандыкка" тете болорун Украинанын президенти Владимир Зеленский европалык лидерлерге 7-ноябрда эскертти.
Европа Биримдигине мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал саммитин утурлай уюштурулган Европа саясий коомчулугу (European Political Community) бирикмесинин жыйынында айткан сөзүндө украин президенти үчүнчү жыл Орусиянын агрессиясынан арыла албай жаткан өлкөсүнө жардамды көбөйтүүгө чакырды.
"Путинге баш ийүү, артка чегинүү, кайсы бир шарттарга макул болуу керектиги жөнүндө көп сөз болду. Бул Украина үчүн кабыл алынгыс жана бүткүл Европа үчүн өзүн өзү жок кылгандыкка тете болот. Атышууну токтотуу, эгер коопсуздук кепилдиги жок болсо, оккупацияны улантууга даярдык болуп калат", - деди Зеленский. (RK)
Дагы караңыз
Израил Амстердамда жабыркаган жарандарын эвакуациялайт "Кошумча текшерүүлөргө даяр болгула". Орусияга бараткандарга эскертүү ТИМ Орусияга барууну пландаган жарандарга кайрылдыГерманияда кармалган тажик оппозиционери мекенине жеткирилди