2-ноябрда Нарын дарыясына секирип кеткен өспүрүм кызды издөө иштери 8-ноябрда да уланып, 17 куткаруучу, 20 милиция кызматкери жана 21 жергиликтүү тургун - жалпы 58 адам тартылды.
Куткаруучу топ Нарын суусун бойлой Куланактан Учкун Пионер, 8-Март жана Ак-Тал-Чаттан тарта Үгүткө чейин издеп жатышат.
Өзгөчө кырдалдар министрлиги тараткан маалыматка караганда, 2007-жылы туулган өспүрүм кыз Жаңы-Жол тилкесиндеги көпүрөдөн Нарын дарыясына секирип кеткен.
Мындан тышкары Жумгал районунда мал кайтаруу үчүн кетип, дайынсыз кеткен ата-баланы издөө иши да уланууда. 8-ноябрда жалпы 14 адам издөө ишерине чыкты. Мындан тышкары 6 рация, 2 дүрбү, 1 Toyota Hailux АСМ тартылды.
16-октябрда Өрнөк айылынын тургуну 45 жаштагы Болот Карыпбеков менен анын уулу Бекзат Самарбеков мал кайтарганы кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.
Буга чейин президент Садыр Жапаров дайынсыз кеткен ата-баланы издөө иштерин күчөтүү тапшырмасын берген.