"КГБнын жашыруун архивине жетпей аксап турабыз"

"Мамлекеттүүлүк башатында" китебинин мукабасы. Авторлору: тарыхчы Жумагул Байдилдеев жана ишкер Аскар Салымбеков.

Кыргызстанда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленүүдө. Бул датаны утурлай тарыхчылар архивдик материалдардын негизинде сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон кишилердин өмүр таржымалын чагылдырган жаңы маалыматтар камтылган китеп чыгарып, бет ачарын өткөрдү. 

"Архив менен иштөө өтө түйшүктүү"

Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн утурлай жарык көрүп, бет ачары Улуттук тарых музейинде өткөн “Мамлекеттүүлүк башатында” аттуу китепти тарыхчы Жумагул Байдилдеев менен ишкер Аскар Салымбеков түзгөн.

Бул эмгек соңку кездери архивдик-документалдык материалдардын негизинде даярдалган жаңы илимий эмгектердин бири болуп калды.

Кыргызстандын архивинде жыйырма жылдан ашуун иштеп, бул арада өлкөдөгү жогорку окуу жайларда окутуучу болуп да эмгектенген тарыхчы Жумагул Байдилдеев жаңы китеп бир топ түйшүктүү мээнетти талап кылганын, Алматы жана Ташкенттеги, ошондой эле Орусиянын бир катар шаарларындагы архивдерди бир топ жыл казганын айтууда.

Жумагул Байдилдеев.

"Бул китептеги өзгөчө табылга – Ташкент шаарынан табылган Жусуп Абдрахмановдун 1924-жылы 25-августта “Туркестанская Правда” гезитине сүрөтү, орус тилиндеги макаласы. Биздин белгилүү агартуучу Ишеналы Арабаев 1924-жылы 31-августта “Акжол” гезитине араб арибинде “Кара-Кыргыз алданбайт” аталышындагы макаласын жарыялаган экен.

Ошол кезде Орто Азияны мамлекеттик аймактык территорияга бөлүштүрүү иштери болгон. Мына ошондо кандай иштер жүргөнү боюнча “Туркестанская Правда” гезитине көп материалдар чыккан, ушулар алып келинди. Табылган документтерди өзбек тилинен орус тилине, кайра кыргыз тилине которуп, түмөн түйшүктүү эмгек кылдык.

Ошондой эле Орусиянын Борбордук мамлекеттик архивинен колубузга Москвадагы Борбордук аткаруу комитетинин 1924-жылы октябрда чыккан "Кара-Кыргыз автоном облусу түзүлсүн" деген Калинин кол койгон токтому тийди. Бул бизге чоң булак болуп берет. Китепке мына ушундай баалуу архивдик материалдар камтылды . Эми жалпысынан окурмандар да окуп өз баасын берер.

Негизи архив менен иштөө айлап-жылдап созулган өтө түйшүктүү жумуш. Кыргыз тарыхына тиешелүү бир барак архивдик документ табуу үчүн чет элдик миңдеген кагаздар баракталат. Бул кудум эле кумдан алтын чайкаганга окшош".

"Мамлекеттүүлүк башатында" китебиндеги Жусуп Абдрахмановдун макаласы чыккан "Туркенстанская правда" гезитинин саны.

"Атайын кызматтагы жашыруун архивге жетпей аксап турабыз"


Кыргызстандын 1920-1930-жылдардагы тарыхынын бир бөлүгү Улуттук коопсуздук кызматынын архивинде сакталуу. Бирок ал жакка кирип, документтерди карап чыгууга азырынча адистерге уруксат жок.

Бул жашыруун архивдерди Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы кызматкери, учурда запастагы полковник Болот Абдрахманов гана карап чыгып, 2020-жылы февраль айында “Кыргызстандагы саясий репрессиянын курмандыктары” деген аталыштагы он томдук китепти жарыкка чыгарган. Абдрахманов атайын кызматта бир топ жыл эмгектенгендиктен, ага башка изилдөөчүлөргө буюрбаган мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Анын китебинде 1920-1953-жылдар аралыгында репрессияга дуушар болгон миңдеген адамдын тагдыры баяндалган.

Дагы караңыз

"Элге чындыкты айтуу абзел". Казакстан КГБ архивдерин ачууда


Кыйла жылдардан бери репрессия курмандыктарын изилдеп келе жаткан Байдилдеев атайын кызматтын архивине колу жетпегендиктен кыргыз тарыхчылары көп маалыматтардан аксап келатканын айтат. Илимпоздун айтымында, коңшу өлкөлөрдөн Казакстан, Өзбекстан мындан 10-15 жыл мурун эле коопсуздук кызматындагы архивдерди ачыктап, сталиндик репрессияга тартылгандар тууралуу бир топ эмгектер жазылган.

"Мен көбүнчө архивдик маалыматтарды издеп Өзбекстан, Казакстанда болом. Биз булардан тай чабым артта калдык. Кыргызстанда репрессия болгон инсандар боюнча документтер Улуттук коопсуздук комитетинде жашыруун деген гриф менен сакталып турса, жогорудагы коңшу өлкөлөр 10-15 жыл мурун эле мындай документтердин жашыруундугун жоюу боюнча иштерди жасашып, ачыкташкан. Анан репрессия курмандыктары боюнча 40-50 томдук китептерди чыгарып коюшту. Кыргызстандын коопсуздук кызматындагы архив ачык болбогондуктан, биз, тарыхчылар аксап келе жатабыз. Жогорку Кеңеште быйыл эле 1919-жылдан 1954-жылга чейин репрессияга тартылгандарды актоо боюнча мыйзам кабыл алынды, эми президент кол койгондон кийин архив ачылат деп жатышат. Үмүт менен күтүп турабыз", - деди Байдилдеев.

"Мамлекеттүүлүк башатында" китеби.

"Эгемен Кыргызстанды бизге таберик кылып калтырышкан"

Ала арада президент Садыр Жапаров 7-ноябрда, Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Садыр Жапаров.

"Бүгүнкү эгемен мамлекетибиз – байыркы мезгилден бери кыргыз жерин көздүн карегиндей сактап, коргоп келген ата-бабалардын даанышмандыгынын, көсөмдүгүнүн жана баатырдыгынын натыйжасы. Соңку 100 жыл мурунку эле тарыхыбызга кайрылсак, ата-бабаларыбыздын эгемен, эркин, өз алдынча мамлекет куруу көксөөсү тең жарымы кыргынга учураган Улуттук боштондук күрөшүндө дагы майтарылбаганын көрөбүз. Алар 1916-жылкы Үркүн окуясында, андан кийинки Октябрь революциясында, андан соң Кара-Кыргыз облусунун түзүлүп, жүрүп отуруп Кыргыз ССРинин уюшулушунда, ошол жылдардагы сталиндик репрессияда элинин азаттыгы, өлкөсүнүн эгемендиги үчүн күрөшүп, өмүрүн арнап, кара башын садага чаап отуруп, азыркы Эгемен Кыргызстанды бизге таберик кылып калтырышкан. Мындан улам, аталардын жолун улай, алардан калган таберикти келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү – биздин эң башкы парзыбыз болушу шарт!" - деп жазган кайрылуусунда.

Жапаров быйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленип, өлкөдө социалдык-экономикалык багыттагы жүздөгөн жаңы ишканалар ачылганын билдирди. Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөчү аталар - Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев жөнүндө жарлыкка кол койгонун айтты. Жапаров ата-бабаларды эскерүү келечек муундун рухун бекемдеп, Кыргызстандын өнүгүүсүнө чоң дем берет деп үмүттөнөрүн билдирди.

Баса президенттин бул жарлыгы жогорудагы жаңыдан жарык көргөн “Мамлекеттүүлүк башатында” китебинин да кириш сөзүнө да камтылган.

Дагы караңыз

Президент Жапаров репрессия курмандыктарын актоо тууралуу мыйзам долбоорун артка кайтарды

"Окурмандарга кызыктуу болот"


Тарыхчы Аида Кубатова бул эмгек мамлекеттүүлүктүн түптөлүшү, ага кызмат кылган тарыхый инсандар тууралуу болгондуктан тарыхый мыкты табылга дейт. Ошондой эле илимпоз китепте мурда аты көп эскерилбеген мамлекеттик ишмерлер тууралуу да маалыматтар камтылганын айтты:

Аида Кубатова.

"Китепте мурдатан айтылып жүргөн белгилүү мамлекеттик ишмерлердин эле эмес, башка да мамлекетке кызмат кылган инсандардын ысымдары, жасаган эмгектери тууралуу эскерилет. Мисалы Данаке Иманов, Нуркул Кулназаров, Дали Мырза Зулпубаев сыяктуу көп айтылбай келген инсандар. Бул дагы болсо жаңы табылган архивдик маалыматтардын жыйынтыгы да. Зулпубаевдин кыргыз тарыхындагы ролу зор.

Кыргызстанда алгачкы бийлик органы болгон революциялык комитет түзүлгөндө төрагасы Иманалы Айдарбеков, анын орунбасары Зулпубаев болгон. Ал эми Нуркул Кулназаров да рефкомдун мүчөсү катары мамлекеттүүлүктү түптөөгө чоң салым кошкон".

"Мамлекеттүүлүк башатында" китебиндеги Данаке Иманов тууралуу маалымат.


Ал эми Жусуп Баласагын атындагы Тарых жана чөлкөм таануу институтунун директору, Туратбек Сырдыбаев бул китеп окумуштууларга эле эмес бардык окурман журтуна кызык болот деп ишенет:

"Тарых илиминде алакандай бир барак архивдик материал табылса да өтө баалуу. Бул китепте алгачкы мамлекеттик ишмерлерден сырткары маданий интеллигенция өкүлдөрү тууралуу да маалыматтар бар экен. Мисалы, кыргыздын чыгаан агартуучусу, коомдук ишмери, окуу китептеринин автору Базаркул Данияров - сталинизм доорунда жазыксыз жазаланып, 1942-жылы абакта набыт болгон маданий ишмерлердин бири. Ал Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтун 1924-жылы аяктагандан кийин Жалал-Абад менен Ошто мектептер ачып, мугалимдик кылып, билим берүү бөлүмдөрүн жетектеп, Бишкекке кайтып келген соң, Борбордук педагогикалык техникумда окуу бөлүм башчысы, директору болуп иштеген. Ушул сыяктуу алгачкы агартуучулар тууралуу да материалдар камтылыптыр. Китеп окумуштуу, илимпоздордон сырткары жөнөкөй окурмандарга да кызык болот деп ойлойм".

"Мамлекеттүүлүк башатында" китеби. Авторлору: Жумагул Байдилдеев, Аскар Салымбеков.

"Илимпоздор көзүбүздү ачып жатат"


Ишкер Аскар Салымбековдун айтымында, бул анын китеп тарыхчы Байдилдеев менен чогуу жасаган алгачкы эмгеги эмес, буга чейин бир далай иштерди бирге жасашкан.

Салымбеков 1977-жылы улуттук университетинин тарых факультетин бүтүп жатканда дипломдук ишин Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлүшү боюнча жазган экен.

Ал совет дооорунда кыргыз тарыхы үстүртөн эле окутулгандыктан мамлекеттүүлүктү туптөөчүлөр тууралуу кеңири маалыматтарга эгемен эл кечирээк ээ болгонун, бул жаатта тарыхчылардын архив менен иштегендердин эмгеги зор экенин айтты:

Аскар Салымбеков.

"Буга биздин тарыхчылар, архив менен иштегендер салым кошту. Алар архивдик документтерди Москва, Оренбург, Ташкент, Алматы, Кызыл-Ордо шаарларынын архивдерин кыдырып келип таап жатышат. Анан минтип биздин көзүбүз ачылып жатат. Чоң эмгек жасап жаткан бирден бир тарыхчыбыз ушул Жумагул Байдилдеев. 1920-30-40-жылдардагы окуяларды тынымсыз мээнет кылып таап жатат. Экөөбүз биргеликте бир топ китептерди чыгардык. Жусуп Абдрахманов, Турдакун Усубалиев, Абдыкерим Сыдыков боюнча фильмдерди даярдадык".

Кыргызстанда 2017-жылдан бери 7-8-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленип келет. Бул күнү 1916-жылдагы Үркүн, Экинчи дүйнөлүк согуштун жана сталиндик репрессиянын курмандыгы болгон ата-балалар эскерилет.

СССРдин лидери Иосиф Сталин бийликте турган 1924-1953-жылдары миллиондогон адам саясий репрессиянын түз жана кыйыр курмандыгы болгон. Постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен 15 союздук республиканын баарында репрессия жүргөн. Бирок “Ата-Бейит” сыяктуу табылга жалгыз гана Кыргызстанда табылган. Калгандарынын дареги белгисиз бойдон кала берген.

"Ата-Бейитте" Жусуп Абдрахманов, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Эркинбек Эсенаманов, Иманаалы Айдарбеков баштаган кыргыздын 100дөн ашуун интеллигенция өкүлдөрү жатат. Алар менен катар 1938-жылы 19 улуттун өкүлү атылганы айтылып келет.