Өзбекстанда эл аралык террорчулукка байланыштуу айыптар боюнча соттолуп жаткан 11 кишинин өкүмү чыкты. "Азаттыктын" өзбек кызматы бүгүн 7-ноябрда кабарлагандай, алар 6 жылдан 12 жылга чейинки абак мөөнөтүнө кесилди.
Өлкөнүн Мамлекеттик коопсуздук кызматынын маалыматына караганда, Кокон шаардык соту аларды "террорчулукту каржылоо, конституциялык түзүлүштү өзгөртүү үчүн кутум уюштуруу, коомдук коопсуздукка коркунуч жаратуучу материалдарды сактоо" тууралуу беренелердин негизинде айыптуу деп тапты.
Мекеме 24-40 жаштагы 11 жергиликтүү тургун "2021-2023-жылдар аралыгында "Кокондо чайканада "ишембилик аш" демиш болуп чогулуп, жихадга, ислам мамлекетин түзүүгө, диний экстремизмге үндөгөнүн" жана "Өзбекстандагы мамлекеттик түзүлүштү кулатууну, халифат түзүүнү, ал эми айрымдары Сирияга барууну" талкуулап жүргөнүн, башкаларды да азгырууга аракет кылганын кабарлады. Сириядагы айрым адамдарга акча которушканы да белгиленди.
Өзбек бийлигинин ар башка улут өкүлдөрү жыш отурукташкан, тарыхында түрдүү тынч эмес окуялар катталган Фергана өрөөнүндө, айрыкча Кокон аймагында жүргүзгөн ишинин негизги багыттарынын бири динге жамынган экстремизмге каршы күрөш экени айтылат. (RK)
Дагы караңыз
Түндүк Кореянын аскерлери Орусияга калкан болобу?Орусиялыктардын 40% гана жакындарынын согушка барышын колдойтКиев шаарын 30дан ашуун дрон бутага алдыПутин Трамп менен инаугурацияга чейин сүйлөшүүсү мүмкүн экени айтылды