Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:15

Киев шаарын 30дан ашуун дрон бутага алды


Киев. 2024-жылдын 7-ноябры.
Киев. 2024-жылдын 7-ноябры.

Украинанын борбор калаасы Киевдин беш районунда 7-ноябрдын таңында Орусиянын дрон чабуулунан өрт тутанып, имараттар талкаланганын шаар мэри Виталий Кличко Telegram каналына жазды. Анын айтымында, учкучсуз учак сыныктары түшкөн жерде эки киши жараат алды.

Киевдин борбордук райондорунун бири Печерскиде көп кабаттуу үйдүн үстү жагы өрттөндү.

Шаардын аскердик администрациясы жалпысынан 30дан ашуун дрон кармалганын, орус аскерлери дрондорун бирден жана топ-тобу менен, ар кандай бийиктикте учурганын кабарлады.

Одесса шаарында Кара деңиздеги портту бутага алган орусиялык согуштук дрон атып түшүрүлгөнүн, анын сыныктары түшкөн жерде бир адам жараат алганын, көп кабаттуу бир үй талкаланганын облус губернатору Олег Кипер маалымдады.

Одессадагы үй өрттөнүп жатканын Telegram каналдар жарыялашты.

Орусия Украинага 2022-жылы февралда кол салгандан бери согуш токтой элек. Батыштын аскердик да, каржылык да жардамынан түздөн-түз көз каранды өлкө өнөктөштөрдүн колдоосу, Орусияны токтотууга зарыл чечимдери жетишсиз болуп жатканын айтууда.

АКШда 5-ноябрдагы президенттик шайлоону жеңген Дональд Трамп Орусиянын Украинадагы согушуна “24 саатта” чекит коё аларын айткан. Бирок анын бул убадасы качан жана кандай шартта ишке ашышы мүмкүн экени азырынча белгисиз.

Украин президенти Владимир Зеленский Трампты жеңиши менен куттуктоосунда анын глобалдык маселелерге келгенде "тынчтыкка бекемдик менен жетүү" ыкмасын баалай турганын айтты. "Дал ошол принцип иш жүзүндө Украинада тынчтыкка жетүү жолун кыскартат. Мен бул максатты биргеликте орундатабыз деп үмүттөнөм", - деди украин лидери. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG