Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Орусия президенти Владимир Путин АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп менен анын январда өтө турган инаугурациясына чейин сүйлөшүү мүмкүнчүлүгүн четке кага албай турганын билдирди.
7-ноябрда журналисттердин мындай ыктымалдык тууралуу суроосуна Песков Трамптын кызматка расмий түрдө киришкенге чейин Путин менен байланышары тууралуу буга чейин айтканын белгилеп жооп берди:
"Эмне үчүн болбосун? Бул четке кагылбайт. [Трамп] инаугурациясына чейин Путинге чаларын айткан. Бул анын сөзү".
Ал эми АКШдагы шайлоодон кийин Орусия бийлиги менен Трамптын шайлоо командасы ортосунда кандайдыр бир расмий байланыш болгон-болбогону боюнча суроого жооп берип жатып Песков:
"Жок. Алар менен байланышуунун бизге эмне кереги бар?" — деп айтты жана Орусия администрациясы алар менен эч кандай түз байланышпаганын кылбаганын кошумчалады.
5-ноябрда АКШда кезектеги шайлоо өтүп, өлкөнүн 47-президенти болуп мурдагы лидер Дональд Трамп шайланды. Трамптын жеңишинен кийин АКШнын Орусия менен мамилеси кандай болот деген суроо эл аралык коомчулуктун көңүл борборунда турат. (RK)
Дагы караңыз
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу ноябрдын аягында башталат Акылбек Жапаров Бишкектеги ВДНХ имараты бузуларын айттыАба ырайы: Суук күчөп, жаан, кар жаайт