Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:35

Аба ырайы: Суук күчөп, жаан, кар жаайт


Ала-Арча.
Ала-Арча.

8-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Абанын температурасы кескин төмөндөп, туман түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында 18-23 метрге чейин жетет. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-231-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) кар көчкү түшүп, кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Автоунаалар ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

8-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндуз 0…5;

Талас өрөөнүндө -2…-7, күндүз -1…+4;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 1…6, күндүз 4…9;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;

Нарын облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -1…+4;

Бишкек шаарында жаан, кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5° , күндүз 3…5° жылуу болот.

Шерине

XS
SM
MD
LG