Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун ноябрдын аягында баштоо макулдашылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 7-ноябрда журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.
Акылбек Жапаровдун айтымында, Кыргызстандын президенти Өзбекстан жана Кытай лидерлери менен бул долбоорду ишке ашыруунун жол-жобосун сүйлөшкөн. Темир жолдун курулушу Жалал-Абаддан башталганы жатат. Өкмөт башчы долбоор боюнча тиешелүү документтер парламентке жөнөтүлөрүн кошумчалады.
Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушун баштоо максатында Бишкекте “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу” ишканасы түзүлгөн. Анын негиздөөчүсү – Кытайдын China Railway International компаниясы, Кыргызстандын “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Өзбекстандын “Узбекистон темир йуллари” акционердик коому. Бул ишкана темир жолду куруу үчүн Биргелешкен долбоорлоочу компания болору айтылган. Кошкон каражатына жараша компанияда Кытайдын үлүшү 51% болот, калганы Кыргызстан менен Өзбекстанга тең бөлүнүп, ар бирине 24,5% тиет.
2024-жылы 6-июнда Бээжин шаарында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкө ортосунда кезектеги макулдашууга кол коюлуп, долбоорду каржылоо маселеси чечилген. Жогорку Кеңеш макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун 19-июнда кабыл алып, президент Садыр Жапаров ага 27-июнда кол койгон.
“Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорунун наркы 4 млрд 665 млн доллар деп көрсөтүлгөн. Мунун жарымын – 2 млрд 332 млн долларды Кытай үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоорлоочу компанияга (БДК) насыя катары берет.
Кыргыз өкмөтү Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол курулушунун уставдык капиталына 11 млрд сом бөлөт. Бул тууралуу Финансы министрлиги жарыялаган 2025-жылга мамлекеттик бюджеттин долбоорунда жазылган.
Темир жол “Кашкар - Торугарт - Макмал - Жалал-Абад – Анжиян” багытында түшөт. Анын узундугу жалпы 480 чакырымды түзсө, 311,75 чакырымы Кыргызстандын аймагынан өтөт. Кыргыз жергесинде 18 бекет, 81 көпүрө, 41 тоннел курулат. Макмалдын эки жагындагы колея эки башка өлчөмдө курулуп, ал жерге жүктү кайра жүктөөчү станция салынат. Темир жол жүк ташуучу да, жүргүнчү ташуучу да милдетти аткара алат.(BkA/ZKo)