Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:51

Кыргызстандагы алты ЖОЖ Азиядагы мыкты университеттердин тизмесине кирди


Билим берүү жана илим министрлигинин имараты.
Билим берүү жана илим министрлигинин имараты.

Дүйнө жүзүндөгү жогорку окуу жайлардын рейтингин аныктоочу эл аралык QS Quacquarelli Symonds уюму 6-ноябрда Азия аймагындагы өлкөлөрдө жайгашкан 1128 университеттин рейтингин жарыялады. Кыргызстандагы алты университет QS Asia University Rankings 2025 рейтинги менен Азиядагы мыкты окуу жайлардын катарына кирди.

Маалыматты билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу "Азаттыкка" ырастады. Ага ылайык:

Кыргыз-Түрк "Манас" университети – 230-орун;
Ош мамлекеттик университети – 260-орун;
Борбор Азиядагы Америка университети – 260-орун;
Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Орусия-Славян университети – 333-орун;
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети – 381-орун;
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети – 381-орунду ээлеген.

Расул Абазбек уулу бул жетишкендикти өлкө үчүн рекорддук жыйынтык деп баалады.

QS Asia University Rankings 2025 рейтингинде Жапония, Индия, Кытай, Сингапур, Түштүк Корея, Гонконг, Малайзия жана башка Азиядагы өнүккөн өлкөлөрдүн окуу жайлары да камтылган. Сап башындагы орундарды Кытайдагы Бээжин университети, Гонконг жана Сингапур университеттери ээлеген.

QS Asia University Rankings уюму дүйнөдөгү университеттерди бир нече критерийге карата баалаган уюм.

Быйыл июнда Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстанда жогорку окуу жайлардын деңгээлин аныктаган улуттук рейтингдин жыйынтыгын жарыялаган.

Анын жыйынтыгында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы 476 упай менен 1-орунга чыккан. Андан кийинки орунда Эл аралык “Ала-Тоо” университети, Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университети, Ош мамлекеттик университети, Кыргыз-Орус Славян университети жайгашкан.

Иликтөөгө Кыргызстандагы 81 жогорку окуу жайдын 55и катышкан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG