Садыр Жапаров эркин мамлекет куруу үчүн элдин теңи кыргынга учураганын эскерди

"Ата бейит" тарыхый комплексиндеги эстелик. Иллюстрация.

Президент Садыр Жапаров Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Мамлекет башчынын кайрылуусу 7-ноябрда президенттин сайтына жарыяланды.

Президент Жапаров кыргыз эли көп кылымдык тарыхый сыноолорду басып өтүп, эгемендикке жетишкенин белгилеп өттү. Президент эгемен Кыргызстандын азыркы жетишкендиктери ата-бабалардын эрдигинин жана күрөшүнүн натыйжасы экенин белгилеп, бул мурас келечек муунга татыктуу жеткирилиши керектигин айтты.

"Бүгүнкү эгемен мамлекетибиз – байыркы мезгилден бери кыргыз жерин көздүн карегиндей сактап, коргоп келген ата-бабалардын даанышмандыгынын, көсөмдүгүнүн жана баатырдыгынын натыйжасы. Соңку 100 жыл мурунку эле тарыхыбызга кайрылсак, ата-бабаларыбыздын эгемен, эркин, өз алдынча мамлекет куруу көксөөсү тең жарымы кыргынга учураган Улуттук боштондук күрөшүндө дагы майтарылбаганын көрөбүз. Алар 1916-жылкы Үркүн окуясында, андан кийинки Октябрь революциясында, андан соң Кара-Кыргыз облусунун түзүлүп, жүрүп отуруп Кыргыз ССРинин уюшулушунда, ошол жылдардагы сталиндик репрессияда элинин азаттыгы, өлкөсүнүн эгемендиги үчүн күрөшүп, өмүрүн арнап, кара башын садага чаап отуруп, азыркы Эгемен Кыргызстанды бизге таберик кылып калтырышкан. Мындан улам, аталардын жолун улай, алардан калган таберикти келечек муундарга татыктуу өткөрүп берүү – биздин эң башкы парзыбыз болушу шарт!", - деп жазган кайрылуусунда.

Мамлекет башчы Жапаров быйыл Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы белгиленип, өлкөдө социалдык-экономикалык багыттагы жүздөгөн жаңы ишканалар ачылганын билдирди. Абдыкерим Сыдыков, Иманалы Айдарбеков жана башка мамлекеттик ишмерлер тууралуу жарлыкка кол койгонун айтты. Жапаров ата-бабаларды эскерүү келечек муундун рухун бекемдеп, Кыргызстандын өнүгүүсүнө чоң дем берет деп үмүттөнөрүн билдирди.

7-8-ноябрь - Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү деп 2017-жылдан бери календарда кызыл түс менен белгиленип келет.

Орус советтик федеративдик социалисттик республикасынын (РСФСР) курамындагы Кара-Кыргыз автономиялуу облусу 1924-жылы 24-октябрда түзүлүп, 1925-жылы май айында Кыргыз автономиялуу облусуна айланган.(ZKo)

Дагы караңыз

Бишкек саммити: Орусияны айланган ортоңку коридор, орток алфавит"Журналисттерге "өзгөчө" белек". Сурак, чабуул, абакХаррис Трампты шайлоодогу жеңиши менен куттуктады 6-ноябрь: Эрдоган орток алфавитке өтүүнү сунуш кылды, Трамп президенттик шайлоодо жеңди