Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:23

Харрис Трампты шайлоодогу жеңиши менен куттуктады


Камала Харрис жана Дональд Трамп.
Камала Харрис жана Дональд Трамп.

АКШнын вице-президенти, демократтардын талапкери Камала Харрис Республикачылар партиясынан талапкер болгон мурдагы президент Дональд Трамп менен 6-ноябрда телефондон сүйлөшүп, аны жеңиши менен куттуктады жана президенттик шайлоодо утулганын мойнуна алды. Бул тууралуу америкалык жалпыга маалымдоо каражаттары Харристин шайлоо штабына таянып кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Харрис өз сөзүндө бийликти тынч өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Ушул эле күнү ал Вашингтондо өзү аяктаган Говард университетинде чогулган тарапкерлеринин алдында сөз сүйлөп, шайлоонун жыйынтыгын кабыл алууга чакырды жана бийликти тынч жол менен өткөрүп берүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Харрис демократия, мыйзам үстөмдүгү, сот адилеттиги, жарандардын укуктары жана эркиндиктери үчүн күрөш улана берерин билдирди.

“Мен шайлоодо утулганымды мойнума алсам да бул өнөктүктү кубаттандырган күрөштөн баш тартпайм”,-деди Харрис.

АКШда президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Трамп жеңүүчү деп таанылышы үчүн зарыл болгон шайлоочулар коллегиясынын 270тен кем эмес добушун алып, атаандашы, Демократтар партиясынын талапкери Камала Харристен озуп чыкты.

АКШ администрациясы тараткан маалыматка караганда, Трампка президент Жо Байден да телефон чалып, куттуктады жана Ак үйгө жолугушууга чакырды. (RK)

Шерине

XS
SM
MD
LG