Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бишкекке келди

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевди Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды. "Манас", Бишкек. 6-ноябрь, 2024-жыл.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммитине катышуу үчүн 6-ноябрда Бишкекке келди. Аны "Манас" аэропортунан Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Түрк мамлекеттер уюмунун 11-саммити 6-ноябрда Бишкекте өтөт. Ага катышуу үчүн 5-ноябрда Түркиянын, Азербайжандын, Өзбекстандын, Венгриянын жана башка байкоочу өлкөлөрдүн жетекчилери келген.

6-ноябрда Бишкек шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) он биринчи саммити өтүп жатат. Бул жолку жыйын “Түрк дүйнөсү: экономикалык интеграция, туруктуу өнүгүү, баары үчүн санарип келечек жана коопсуздук” деген аталышта өтөрү кабарланган.

Саммитке беш мүчө – Түркия, Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын жетекчилери, уюмга байкоочулук кылган өлкөлөрдүн өкүлдөрү катышууда.

Түрк мамлекеттер уюму 2009-жылы 3-октябрда Азербайжандын Нахичеван шаарында өткөн жыйында Түрк кеңеши деп түзүлгөн. Башында Азербайжан, Түркия, Казакстан жана Кыргызстан түзгөн бул уюмга 2019-жылы Өзбекстан кошулган. 2021-жылы 12-ноябрда Стамбулда өткөн саммитте Түрк мамлекеттер уюму деп аталган. 2018-жылдан бери Венгрия, 2021-жылдан бери Түркмөнстан уюмга байкоочу катары катышып келет. (ZKo)

Дагы караңыз

Министрлик мугалимдин беделин түшүрүүгө жол берилбесин билдирдиУлуу Британияга айыл чарба иштерине каттоо башталатАКШ: алгачкы штаттардагы шайлоонун жыйынтыгы чыга баштадыОрусиянын үч шаарында Кыргызстан ИИМнин өкүлчүлүгү ачылды