Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:51

АКШ: алгачкы штаттардагы шайлоонун жыйынтыгы чыга баштады


АКШдагы президенттик шайлоо. Добушканада кезекке турган шайлоочулар.
АКШдагы президенттик шайлоо. Добушканада кезекке турган шайлоочулар.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын бейрасмий маалыматына караганда, Америка Кошмо Штаттарындагы президенттик шайлоодо республикачылардын талапкери, экс-президент Дональд Трамп Кентукки (шайлоочулар коллегиясында сегиз добуш) жана Индиана (шайлоочулар коллегиясында 11 добуш) штаттарында жеңишке жетти.

Ал эми демократтардын талапкери, вице-президент Камала Харрис Вермонт (шайлоочулар коллегиясында үч добуш) штатында утту.

Бул штаттарда 2020-жылы Жо Байден менен Дональд Трамп ат салышкан президенттик шайлоодо да баштапкы көрсөткүчтөр ушундай болгон.

АКШнын шайлоо системасына ылайык, жеңүүчүнү жалпы топтолгон добуштардын саны эмес, 538 мүчөдөн турган шайлоочулар коллегиясы аныктайт.

Президент болуп шайлануу үчүн талапкер шайлоочулар коллегиясынын кеминде 270 мүчөсүнүн добушун топтошу керек. Эгер Харрис да, Трамп да бул босого чекке жеткидей добуш топтой албаса, анда жаңы президентти жаңы шайланып келген Конгресстеги Өкүлдөр палатасы январь айында тандайт. Ал эми жаңы шайланып келген Сенаттын мүчөлөрү вице-президентти аныкташат.

“Селкинчек же оома” штаттардагы шайлоонун жыйынтыгы чыга элек. АКШдагы президенттик шайлоону "селкинчек" жети штат: Пенсильвания, Түндүк Каролина, Мичиган, Висконсин, Жоржия, Аризона жана Невада чече тургандай.

60 жаштагы Камала Харрис өзүн азыркы президент Жо Байден менен Трамптын ордун баса турган муундун өкүлү катары көрсөтүүдө.

78 жаштагы Дональд Трамп ушуну менен шайлоого төртүнчү жолу катышууда. 2020-жылы ал азыркы президент Жо Байденге утулуп, экинчи мөөнөткө калуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган. (BTo)

Дагы караңыз

Шерине

XS
SM
MD
LG