Президент Садыр Жапаров Түркия Кыргызстандын бардык карызын кечкенин 5-ноябрда түрк лидери Режеп Тайып Эрдоган менен биргелешкен билдирүүсүндө билдирди.
“Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында саламаттык сактоо, энергетика, экономика, айыл чарба, санариптештирүү, коопсуздук жана маданият тармактары боюнча маанилүү макулдашууларга кол коюлду. Ушул мамлекеттик сапар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктын жаңы этабын ачкан, кыргыз-түрк мамилелеринин тарыхындагы маанилүү окуя болду десем жаңылышпайм”, - деди Жапаров.
Түркия Кыргызстандын карызын жашыл экономикалык долбоорлор үчүн кечкени маалым болду. Финансы министрлигинин маалымат кызматынын "Азаттыкка" билдиришинче, Кыргызстандын Түркияга карызы 58,8 миллион долларды түзөт.
4-ноябрда президент Эрдоган мамлекеттик сапары менен Бишкекке келди. 5-ноябрда “Ынтымак ордо” президенттик администрациясында тар жана кеңири чөйрөдөгү жолугушуулар өтүп, соңунда биргелешкен билдирүү жасашты.
Эрдоган 6-ноябрда Бишкекте өтүүчү Түрк мамлекеттер уюмунун он биринчи саммитине да катышат.
Президент Садыр Жапаров былтыр январда эл аралык каржы уюмдарына жана мамлекеттерге кайрылып, тышкы карызды төлөө ордуна "жашыл" долбоорлорду ишке ашырууну сунуштаган.