Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:44

Зеленский Курскиде Түндүк Кореянын аскерлеринин саны 11 миңге жеткенин айтты


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Украина менен чектеш Курск облусунда Түндүк Кореянын аскерлеринин саны 11 миңге жеткенин айтты. Ал буга өнөктөштөрү жетиштүү деңгээлде реакция кылбай жатканын билдирди.

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башка комиссары Жозеп Боррел 4-ноябрда Түштүк Кореяны Украинаны колдоону күчөтүүгө чакырды.

1-ноябрда Москвада Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушууда бул өлкөнүн башкы дипломаты Цой Сон Хи түндүк кореялык аскерлер Орусияга жөнөтүлгөнү тууралуу билдирүүлөр боюнча түздөн-түз эч нерсе айткан эмес, бирок Москваны согуш башталгандан бери колдоп келатканын жана жардамын улантарын айткан.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен өткөн аптада Орусияда Түндүк Кореянын 10 миң аскери жүргөнүн, анын 8 миңи Украина менен чектеш Курск облусуна жайгашып, жакын арада согушка салынганы жатканын билдирген.

Москва менен Пхеньян ортосунда бекемделип бараткан аскердик кызматташтык аймактык гана эмес, глобалдык коопсуздукка олуттуу коркунуч жаратарын 29-октябрда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёл белгилеген.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-октябрда Түндүк Кореянын аскерлери Орусияга барганы тууралуу суроого жооп бергенде аталган өлкө менен стратегиялык өнөктөштүк тууралуу келишим бар экенин белгилеп, “эмне кылсак да өзүбүз билебиз” деген.

Украинанын армиясы 6-августта Орусиянын Курск облусуна кирип барып, ал жакта жүздөгөн чарчы чакырым аймакты ушул күнгө чейин өз карамагында кармап турат. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG