Аба ырайы кескин өзгөрүп, тоолорго кар жаайт

Ала-Арча

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 5-8-ноябрда Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. Бул күндөрү мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. 6-ноябрда күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Абанын күндүзгү температурасы төмөндөйт.

7-8-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Абанын температурасы тоолуу райондордо түнкүсүн -4…-9°, күндүз -1…-6°, бийик тоолордо түнкүсүн -11…-16°, күндүз -3…-8° суукка чейин төмөндөйт. Республиканын айрым жерлеринде туман түшөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге, Ысык-Көлдө 18-23 метрге чейин жетет. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.

6-ноябрда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы мүмкүн. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 14…16;

Талас жергесинде түнкүсүн 5…10, күндүз 10…15;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 12…17;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…5, күндүз 9…14;

Нарын облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5 градус болот.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт. Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10° , күндүз 14…16° жылуу болот.

Дагы караңыз

Кыргызстанда Түркиянын “Маариф” мектептерин көбөйтүү макулдашылдыТүркиянын лидери Бишкекте Гүлендин кыймылы боюнча маселе көтөрдүТажикстанда "төңкөрүш аракети" үчүн дагы эки мурдагы күч кызматкери кармалганы белгилүү болдуЗеленский Курскиде Түндүк Кореянын аскерлеринин саны 11 миңге жеткенин айтты