Кыргызстанда Түркиянын “Маариф” мектептерин көбөйтүү макулдашылды

“Маарифтин” мектеби.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын бардык аймактарында Түркиянын “Маариф” билим берүү фондунун мектептерин ачуу боюнча макулдашуу жанданганын билдирди. Бул тууралуу мамлекет башчы 5-ноябрда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча уюштурулган басма сөз жыйынында айтты.

Эки өлкөнүн лидерлеринин жолугушуусу Бишкектеги “Ынтымак ордо” президенттик администрациясында өттү.

Түрк өкмөтү каржылаган “Маариф” фонду менен кызматташтык тууралуу меморандум 2018-жылы Режеп Тайып Эрдогандын Кыргызстандагы расмий сапары учурунда кабыл алынган. Ошондон үч жыл өткөндөн кийин – 2021-жылы “Маарифтин” алгачкы мектеби Бишкекте ачылган. Фонд келечекте мындай билим берүү комплекстерин Кыргызстандын облустарында да ачууну пландап жатканы кабарланган.

Түрк бийлиги 2016-жылы диний аалым Фетхулла Гүленге таандык деп эсептелген билим берүү мекемелеринин ишин токтотууну Кыргызстандан талап кылган. Расмий Бишкек түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген соң эки өлкөнүн мамилеси сууй түшкөн.

2017-жылы Кыргызстанда 1992-жылдан бери иштеп келе жаткан “Себат” билим берүү мекемелери бийликтин чечими менен “Сапат” болуп өзгөргөн. Анын жетекчиси Орхан Инанды 2021-жылы Кыргызстандан уурдалып, Түркияда соттолгон.

Түркиянын Бишкектеги элчилиги андан бери “Сапат” билим берүү мекемесинин лицейлерин жабуу же “Маариф” фондуна өткөрүп берүү өтүнүчү менен Кыргызстандын бийлигине бир нече жолу кайрылган.

“Маариф” фондунун расмий сайтында 2016-жылдагы төңкөрүш аракетинен кийин 23 өлкөдөн Фетхулла Гүлендин кыймылына таандык делген жүздөгөн мектептер түрк өкмөтүнө өткөрүп берилгени белгиленет. Негизинен Африка, Азия, Европа жана АКШдагы билим берүү мекемелери “Маариф” фондунун карамагына өтүп, учурда бул мектептерде 53 миңден ашык окуучу билим алат.

АКШда бозгунда жүргөн диниятчы Фетхулла Гүлен быйыл 20-октябрда ооруканада каза болгон. (BTo)

Дагы караңыз

Түркиянын лидери Бишкекте Гүлендин кыймылы боюнча маселе көтөрдүТажикстанда "төңкөрүш аракети" үчүн дагы эки мурдагы күч кызматкери кармалганы белгилүү болдуЗеленский Курскиде Түндүк Кореянын аскерлеринин саны 11 миңге жеткенин айттыПрезиденттер Жапаров менен Эрдогандын тар чөйрөдөгү жолугушуусу башталды Президенттин иш башкармалыгына караштуу департамент түзүлөтВенгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга расмий сапар менен келдиТоктогулда шаардык кеңешке талапкер Дүйшөналиев эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду