Президенттер Жапаров менен Эрдогандын тар чөйрөдөгү жолугушуусу башталды

4-ноябрь, Бишкек.

Мамлекеттик сапары менен Бишкекке келген Түркиянын лидери Режеп Тайып Эрдоган менен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун тар чөйрөдөгү сүйлөшүүсү башталды.

Эрдогандын кортежин “Ынтымак ордо” президенттик администрациясына атчандар коштоп келди. Имарат алдына ардак кароол тизилип, эки өлкөнүн гимни ойнолду.

Эрдоган 4-ноябрдын кечинде Бишкекке келген жана аны “Манас” аба майданынан президент Садыр Жапаров тосуп алган.

“Мамлекеттик сапар алкагында эки өлкөнүн президенттеринин чакан курамдагы сүйлөшүүлөрүн,эки мамлекет башчыларынын төрагалыгы алдында Стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку Кеңешинин алтынчы жыйынын өткөрүү пландаштырылган, анын жүрүшүндө тараптар кыргыз-түрк өз ара аракеттенүү маселелеринин кеңири спектрин талкуулашат", - деп президенттин администрациясы билдирген.

“Анадолу” агенттигинин жазганына караганда, түрк президентин жубайы Эмине Эрдоган, тышкы иштер министри Хакан Фидан, энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Алпарслан Байрактар, маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, улуттук коргоо министри Яшар Гүлер, саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглу, соода министри Өмер Болат, улуттук чалгындоо уюмунун төрагасы Ибрахим Калын жана башка расмий өкүлдөр коштоп келди.

Эрдоган 6-ноябрда Бишкекте өтүүчү Түрк мамлекеттер уюмунун он биринчи саммитине да катышат.

Түрк президенти буга чейин Кыргызстанга 2018-жылы келген.

Дагы караңыз

Зеленский Курскиде Түндүк Кореянын аскерлеринин саны 11 миңге жеткенин айттыПрезиденттин иш башкармалыгына караштуу департамент түзүлөтВенгриянын премьер-министри Виктор Орбан Кыргызстанга расмий сапар менен келдиТоктогулда шаардык кеңешке талапкер Дүйшөналиев эч жакка чыкпоо тил каты менен бошотулду